ИНГЕРМАНЛАНДИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (→‎top: clean up, replaced: м-н → менен (3), ж-а → жана (2))
No edit summary

(3 intermediate revisions by 2 users not shown)
1 сап: 1 сап:
– тарыхый облус. Орус мамлекетинин түн.-батышында жайгашкан. Аянты 15 миң км². Бул аймактын чыгыш бөлүгү 13-к-дан орус булактарында Ижора жери деп аталган. Батыш бөлүгү Водинин аймагы. 10-к-дан Води жана Ижора менен катар аймакта славян уруулары (кривичи жана словен) жашаган. 1583-ж. Ливон согушунан (1558–83) кийин аймактын бир бөлүгү Россиядан Швецияга өтүп кетип, 1590–93-жылдардагы орус-швед согуш учурунда Россияга кайтарылып берилген. 1617-жылдагы Столбов тынчтык келишими менен аяктаган швед интервенциясынын натыйжасында бүткүл аймак Швециянын бийлигине өтүп, И. (адм. борбору - Нарва) анын жаңы провинциясы болуп калган. 1629-ж. провинция Лифлянд генерал-губернаторлугунун курамына кирип, 1641-ж. Карелия менен биргеликте өзүнчө генерал-губернаторлук түзгөн (адм. борбору - Нюен шаары, анын азыркы аймагы Санкт-Петербург ш-нын чегинде). Жерлер Швециянын ак сөөктөрүнүн бийлигине бөлүштүрүлүп берилген. 1700–21-ж-дардагы Түндүк согушунун учурунда И-нын аймагы Ништадт тынчтык келишими (1721) б-ча кайрадан Россия империясынын курамына кирген. 1708-ж-дагы губерниялык реформага ылайык И. Ингерманланд губерниясынын (1710-жылдан Санкт-Петербург губерниясы) бир бөлүгүн түзгөн.   1049
'''ИНГЕРМАНЛАНДИЯ''' – тарыхый облус. Орус мамлекетинин түндүк-батышында жайгашкан. Аянты 15 миң км². Бул аймактын чыгыш бөлүгү 13-кылымдан орус булактарында Ижора жери деп аталган. Батыш бөлүгү Водинин аймагы. 10-кылымдан Води жана Ижора менен катар аймакта славян уруулары (кривичи жана словен) жашаган. 1583-жылы Ливон согушунан (1558–1583) кийин аймактын бир бөлүгү Россиядан Швецияга өтүп кетип, 1590–1593-жылдардагы орус-швед согуш учурунда Россияга кайтарылып берилген. 1617-жылдагы Столбов тынчтык келишими менен аяктаган швед интервенциясынын натыйжасында бүткүл аймак Швециянын бийлигине өтүп, Ингерманландия (административдик борбору Нарва) анын жаңы провинциясы болуп калган. 1629-жылы провинция Лифлянд генерал-губернаторлугунун курамына кирип, 1641-жылы Карелия менен биргеликте өзүнчө генерал-губернаторлук түзгөн (административдик борбору Нюен шаары, анын азыркы аймагы Санкт-Петербург шаарынын чегинде). Жерлер Швециянын ак сөөктөрүнүн бийлигине бөлүштүрүлүп берилген. 1700–21-жылдардагы Түндүк согушунун учурунда Ингерманландиянын аймагы Ништадт тынчтык келишими (1721) боюнча кайрадан Россия империясынын курамына кирген. 1708-жылдагы губерниялык реформага ылайык Ингерманландия Ингерманланд губерниясынын (1710-жылдан Санкт-Петербург губерниясы) бир бөлүгүн түзгөн.
[[Категория:Жаңы макалалар]]

05:19, 14 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы

ИНГЕРМАНЛАНДИЯ – тарыхый облус. Орус мамлекетинин түндүк-батышында жайгашкан. Аянты 15 миң км². Бул аймактын чыгыш бөлүгү 13-кылымдан орус булактарында Ижора жери деп аталган. Батыш бөлүгү Водинин аймагы. 10-кылымдан Води жана Ижора менен катар аймакта славян уруулары (кривичи жана словен) жашаган. 1583-жылы Ливон согушунан (1558–1583) кийин аймактын бир бөлүгү Россиядан Швецияга өтүп кетип, 1590–1593-жылдардагы орус-швед согуш учурунда Россияга кайтарылып берилген. 1617-жылдагы Столбов тынчтык келишими менен аяктаган швед интервенциясынын натыйжасында бүткүл аймак Швециянын бийлигине өтүп, Ингерманландия (административдик борбору – Нарва) анын жаңы провинциясы болуп калган. 1629-жылы провинция Лифлянд генерал-губернаторлугунун курамына кирип, 1641-жылы Карелия менен биргеликте өзүнчө генерал-губернаторлук түзгөн (административдик борбору – Нюен шаары, анын азыркы аймагы Санкт-Петербург шаарынын чегинде). Жерлер Швециянын ак сөөктөрүнүн бийлигине бөлүштүрүлүп берилген. 1700–21-жылдардагы Түндүк согушунун учурунда Ингерманландиянын аймагы Ништадт тынчтык келишими (1721) боюнча кайрадан Россия империясынын курамына кирген. 1708-жылдагы губерниялык реформага ылайык Ингерманландия Ингерманланд губерниясынын (1710-жылдан Санкт-Петербург губерниясы) бир бөлүгүн түзгөн.