ИНГЕРМАНЛАНДИЯ: нускалардын айырмасы
new2022_2vol>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ИНГЕРМАНЛАНДИЯ''' – тарыхый облус. Орус мамлекетинин түндүк-батышында жайгашкан. Аянты 15 миң км². Бул аймактын чыгыш бөлүгү 13-кылымдан орус булактарында Ижора жери деп аталган. Батыш бөлүгү Водинин аймагы. 10-кылымдан Води жана Ижора менен катар аймакта славян уруулары (кривичи жана словен) жашаган. 1583-жылы Ливон согушунан (1558–1583) кийин аймактын бир бөлүгү Россиядан Швецияга өтүп кетип, 1590–1593-жылдардагы орус-швед согуш учурунда Россияга кайтарылып берилген. 1617-жылдагы Столбов тынчтык келишими менен аяктаган швед интервенциясынын натыйжасында бүткүл аймак Швециянын бийлигине өтүп, Ингерманландия (административдик борбору – Нарва) анын жаңы провинциясы болуп калган. 1629-жылы провинция Лифлянд генерал-губернаторлугунун курамына кирип, 1641-жылы Карелия менен биргеликте өзүнчө генерал-губернаторлук түзгөн (административдик борбору – Нюен шаары, анын азыркы аймагы Санкт-Петербург шаарынын чегинде). Жерлер Швециянын ак сөөктөрүнүн бийлигине бөлүштүрүлүп берилген. 1700–21-жылдардагы Түндүк согушунун учурунда Ингерманландиянын аймагы Ништадт тынчтык келишими (1721) боюнча кайрадан Россия империясынын курамына кирген. 1708-жылдагы губерниялык реформага ылайык Ингерманландия Ингерманланд губерниясынын (1710-жылдан Санкт-Петербург губерниясы) бир бөлүгүн түзгөн. | |||
[[Категория:Жаңы макалалар]] | |||
05:19, 14 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
ИНГЕРМАНЛАНДИЯ – тарыхый облус. Орус мамлекетинин түндүк-батышында жайгашкан. Аянты 15 миң км². Бул аймактын чыгыш бөлүгү 13-кылымдан орус булактарында Ижора жери деп аталган. Батыш бөлүгү Водинин аймагы. 10-кылымдан Води жана Ижора менен катар аймакта славян уруулары (кривичи жана словен) жашаган. 1583-жылы Ливон согушунан (1558–1583) кийин аймактын бир бөлүгү Россиядан Швецияга өтүп кетип, 1590–1593-жылдардагы орус-швед согуш учурунда Россияга кайтарылып берилген. 1617-жылдагы Столбов тынчтык келишими менен аяктаган швед интервенциясынын натыйжасында бүткүл аймак Швециянын бийлигине өтүп, Ингерманландия (административдик борбору – Нарва) анын жаңы провинциясы болуп калган. 1629-жылы провинция Лифлянд генерал-губернаторлугунун курамына кирип, 1641-жылы Карелия менен биргеликте өзүнчө генерал-губернаторлук түзгөн (административдик борбору – Нюен шаары, анын азыркы аймагы Санкт-Петербург шаарынын чегинде). Жерлер Швециянын ак сөөктөрүнүн бийлигине бөлүштүрүлүп берилген. 1700–21-жылдардагы Түндүк согушунун учурунда Ингерманландиянын аймагы Ништадт тынчтык келишими (1721) боюнча кайрадан Россия империясынын курамына кирген. 1708-жылдагы губерниялык реформага ылайык Ингерманландия Ингерманланд губерниясынын (1710-жылдан Санкт-Петербург губерниясы) бир бөлүгүн түзгөн.