ДУЛУ-ХАН: нускалардын айырмасы
(Created page with "'''ДУЛУ-ХАН''' – Батыш Түрк кагандыгынын ханы (638–653). Узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында Түрк кагандыгы 603-жылы Батыш жана Чыгыш кагандыктарга ажырап, Батыш Түрк кагандыгынын ханы (618–630) Тон-жабгунун тушунда Орто Азия, анын ичинде Жет...") |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''ДУЛУ-ХАН''' | '''ДУЛУ-ХАН''' – Батыш Түрк кагандыгынын ханы (638–653). Узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында 603-жылы түрктөр (кара: [[Улуу Түрк кагандыгы]]) Батыш жана Чыгыш кагандыктарга ажырап, [[Батыш Түрк кагандыгы]]нын ханы (618–630) Тон-жабгунун тушунда [[Орто Азия]], анын ичинде [[Жети-Суу]] (азыркы [[Кыргызстан]], [[Казакстан]]), [[Фергана]], Чыгыш Түркстандын батышынын көп бөлүгү, ошондой эле [[Алтай]]дан [[Сыр-Дарыя]]га; түндүктө – [[Иртыш]]тан Түштүк Урал – Итилге ([[Волга]]) чейинки аймактар карап калган. Бирок Тон-жабгу өлтүрүлгөндөн кийин [[он ок уруулары]] кайрадан бөлүнүп, 634-жылы чыгыштагы нушиби уруулары Иби Шаболо Шехуну (Л. Гумилёв боюнча Ышбара Эльтериш) хан көтөрүшкөн. Аларга каршы 638-жылы батыш түрк уруулары ([[дулулар]]) Иби Дулу-хан Юйгу Ше деген ысым [түркчө Йукук Ирбис-Дулу хан, кыт. Ипидолу кэхань, өздүк аты Ашина Юйгу хан, пиньинь: «yipiduolukehan», палл.: «Ипидолу кэхань»] менен Юйгу Шени хан шайлап, ал Иби Шаболо Шехуга (Н. Я. [[Бичурин]] боюнча «Хилиши», А. Г. Малявкинде «Делиши») каршы согуш ачат. Бирок согуштан эч майнап чыкпай, кийин бул экөө Иле өзөнүнүн боюнда тынчтык келишимин түзүшүп, аталган өзөндүн батышын Дулу, чыгышын Иби Шаболо алган. Ушундан тартып Батыш түрк уруулары эки хандыкка бөлүнөт жана Дулу-хан өз ордосун «Цзихэ» (Tsou-ho) тоосунун батышына көчүрүп, аны «түндүктөгү ордо» деп атаган. Француз чыгыш таануучусу Жозеф де Гинь (Joseph de Guignes, 1721–1800) аны азыркы Тараз шаарына жакын жерде экенин белгилеген. Иби Шаболо хан 639-жылы бийликтен кулап, Ферганада (Баханьна) сүргүндө жүрүп каза болгон. 638–641-жылдар аралыгында Дулу-хан Бома, Сяоми, Гйегу [Байыркы Кытайдын жазма тарыхы ([[Тан-шу]]) боюнча Цзегу, Хягас], [[Ташкент]] өлкөсү (Ши-го), Кангүй (Кан - азыркы Самарканд) ж. б. көптөгөн ээликтерди (мамлекет) өз бийлигине караткан. Натыйжада Аму жана Иле дарыяларына чейинки зор аймакты камтыган кыска мөөнөттүк империя түзүлгөн (кара: [[Байыркы кыргыздар]]). Дулу-хан 653-жылы Тохарстанда көз жумган. Он ок урууларынын ич ара согуштары 656-жылдарга чейин уланып, акыры тан аскери басып киришине жол ачкан. Су Динфан жетектеген аскер алгач [[Чүй суусу]]нун жээгине чейин жетип, нушибилерди багындырган. Андан кийин Батыш түрктөрдүн кол башчысы Ышбара-жабгуну (кытай хроникаларында Ашина Хелу) колго түшүрүп, [[Талас суусу]]на чейин жеткен. Бирок кытайлыктар түрктөрдү номиналдуу гана башкарган, б. а. түрктөр өз алдынча саясат жүргүзүүнү уланта берген. Ышбара-жабгу 659-жылы каза болгон. | ||
Ад.: Бартольд В. В. Соч. Т. II. Ч. 1. М. 1963; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Тексты и исследования. Новосибирск, 1989; Гумилёв Л. Н. Байыркы түрктөр. Б., 1998; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Тексты и исследования. Новосибирск, 1989; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения Западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016. | |||
08:39, 10 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
ДУЛУ-ХАН – Батыш Түрк кагандыгынын ханы (638–653). Узакка созулган ич ара карама-каршылыктардын натыйжасында 603-жылы түрктөр (кара: Улуу Түрк кагандыгы) Батыш жана Чыгыш кагандыктарга ажырап, Батыш Түрк кагандыгынын ханы (618–630) Тон-жабгунун тушунда Орто Азия, анын ичинде Жети-Суу (азыркы Кыргызстан, Казакстан), Фергана, Чыгыш Түркстандын батышынын көп бөлүгү, ошондой эле Алтайдан Сыр-Дарыяга; түндүктө – Иртыштан Түштүк Урал – Итилге (Волга) чейинки аймактар карап калган. Бирок Тон-жабгу өлтүрүлгөндөн кийин он ок уруулары кайрадан бөлүнүп, 634-жылы чыгыштагы нушиби уруулары Иби Шаболо Шехуну (Л. Гумилёв боюнча Ышбара Эльтериш) хан көтөрүшкөн. Аларга каршы 638-жылы батыш түрк уруулары (дулулар) Иби Дулу-хан Юйгу Ше деген ысым [түркчө Йукук Ирбис-Дулу хан, кыт. Ипидолу кэхань, өздүк аты Ашина Юйгу хан, пиньинь: «yipiduolukehan», палл.: «Ипидолу кэхань»] менен Юйгу Шени хан шайлап, ал Иби Шаболо Шехуга (Н. Я. Бичурин боюнча «Хилиши», А. Г. Малявкинде «Делиши») каршы согуш ачат. Бирок согуштан эч майнап чыкпай, кийин бул экөө Иле өзөнүнүн боюнда тынчтык келишимин түзүшүп, аталган өзөндүн батышын Дулу, чыгышын Иби Шаболо алган. Ушундан тартып Батыш түрк уруулары эки хандыкка бөлүнөт жана Дулу-хан өз ордосун «Цзихэ» (Tsou-ho) тоосунун батышына көчүрүп, аны «түндүктөгү ордо» деп атаган. Француз чыгыш таануучусу Жозеф де Гинь (Joseph de Guignes, 1721–1800) аны азыркы Тараз шаарына жакын жерде экенин белгилеген. Иби Шаболо хан 639-жылы бийликтен кулап, Ферганада (Баханьна) сүргүндө жүрүп каза болгон. 638–641-жылдар аралыгында Дулу-хан Бома, Сяоми, Гйегу [Байыркы Кытайдын жазма тарыхы (Тан-шу) боюнча Цзегу, Хягас], Ташкент өлкөсү (Ши-го), Кангүй (Кан - азыркы Самарканд) ж. б. көптөгөн ээликтерди (мамлекет) өз бийлигине караткан. Натыйжада Аму жана Иле дарыяларына чейинки зор аймакты камтыган кыска мөөнөттүк империя түзүлгөн (кара: Байыркы кыргыздар). Дулу-хан 653-жылы Тохарстанда көз жумган. Он ок урууларынын ич ара согуштары 656-жылдарга чейин уланып, акыры тан аскери басып киришине жол ачкан. Су Динфан жетектеген аскер алгач Чүй суусунун жээгине чейин жетип, нушибилерди багындырган. Андан кийин Батыш түрктөрдүн кол башчысы Ышбара-жабгуну (кытай хроникаларында Ашина Хелу) колго түшүрүп, Талас суусуна чейин жеткен. Бирок кытайлыктар түрктөрдү номиналдуу гана башкарган, б. а. түрктөр өз алдынча саясат жүргүзүүнү уланта берген. Ышбара-жабгу 659-жылы каза болгон.
Ад.: Бартольд В. В. Соч. Т. II. Ч. 1. М. 1963; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Тексты и исследования. Новосибирск, 1989; Гумилёв Л. Н. Байыркы түрктөр. Б., 1998; Малявкин А. Г. Танские хроники о государствах Центральной Азии. Тексты и исследования. Новосибирск, 1989; Аристов Н. А. Усуни и кыргызы или кара-кыргызы: очерки истории и быта населения Западного Тянь-Шаня и исследования по его исторической географии. Б., 2001; Зуев Ю. А. Ранние тюрки: очерки истории и идеологии. А., 2002; Бичурин (Иакинф) Н. Я. Байыркы мезгилде Орто Азияда жашаган элдер жөнүндө маалыматтар жыйнагы. /Кырг. котормо, Б., 2016.