АКЫРЕТ: нускалардын айырмасы
imported>Kadyrm м (→top: clean up, replaced: м-н → менен (2), ж-а → жана (2)) |
No edit summary |

| (3 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АКЫРЕТ''' ‒ диний түшүнүк | '''АКЫРЕТ''' ‒ диний түшүнүк боюнча адам үчүн түбөлүк жана негизги деп эсептелген «келечектеги жашоо», тиги дүйнө. Кыргыздарда «тиги дүйнө» тууралуу түшүнүк ислам динин кабыл алганга чейин эле белгилүү экендигин көптөгөн археологиялык табылгалар, этнографиялык даректер далилдейт. Байыркы мезгилдерде каза тапкан маркум менен бирге жоого минчү атын, курал-жарактарын, тамак-ашын; эгер аял киши көз жумса, анда анын кооздук жасалгаларын, айрым учурда идиш-аягын да кошо көмгөн. Ислам дини кыргыздарга тарагандан кийин Акырет түшүнүгү да бир топ татаалдаган. Акыреттин толук аталышы «дар ал-ахира» («тиги дүйнө»). Ал эми бул жашоо «дар ад-дунйа» деп аталып, акыретке карама-каршы түшүнүк. Акыреттин синоними катары «ал-маад» (акыр замандан кийинки жашоо) термини эсептелет. Бул дүйнө менен тиги дүйнөнүн карама-каршылык концепциясы, өлгөндөрдүн кайра тирилиши исламдын негизги идеяларынын бири. ''Мухаммед'' пайгамбар бул дүйнөдөгү жашоодон тышкары, тиги дүйнөдө ‒ «түбөлүк жашоо» бар жана ал жакта жашоодогу бардык иштериӊ үчүн жооп берүүгө туура келет, деп ишендирүүгө аракет кылган.

[[Категория:1-Том]] | |||
10:06, 6 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
АКЫРЕТ ‒ диний түшүнүк боюнча адам үчүн түбөлүк жана негизги деп эсептелген «келечектеги жашоо», тиги дүйнө. Кыргыздарда «тиги дүйнө» тууралуу түшүнүк ислам динин кабыл алганга чейин эле белгилүү экендигин көптөгөн археологиялык табылгалар, этнографиялык даректер далилдейт. Байыркы мезгилдерде каза тапкан маркум менен бирге жоого минчү атын, курал-жарактарын, тамак-ашын; эгер аял киши көз жумса, анда анын кооздук жасалгаларын, айрым учурда идиш-аягын да кошо көмгөн. Ислам дини кыргыздарга тарагандан кийин Акырет түшүнүгү да бир топ татаалдаган. Акыреттин толук аталышы «дар ал-ахира» («тиги дүйнө»). Ал эми бул жашоо «дар ад-дунйа» деп аталып, акыретке карама-каршы түшүнүк. Акыреттин синоними катары «ал-маад» (акыр замандан кийинки жашоо) термини эсептелет. Бул дүйнө менен тиги дүйнөнүн карама-каршылык концепциясы, өлгөндөрдүн кайра тирилиши исламдын негизги идеяларынын бири. Мухаммед пайгамбар бул дүйнөдөгү жашоодон тышкары, тиги дүйнөдө ‒ «түбөлүк жашоо» бар жана ал жакта жашоодогу бардык иштериӊ үчүн жооп берүүгө туура келет, деп ишендирүүгө аракет кылган.