АК-ЧИЙ-КАРА-СУУ КӨРҮСТӨНДӨРҮ: нускалардын айырмасы
228-323>KadyrM No edit summary |
No edit summary |

| (7 intermediate revisions by 3 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
'''АК-ЧИЙ-КАРА-СУУ КӨРҮСТӨНДӨРҮ''' ‒ биздин заманга чейин 6‒4-кылым ‒ биздин замандын 1‒5-кылымдагы сак жана гунн урууларына таандык археологиялык эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү, азыркы Токтогул суу сактагычынын алдында калган Ак-Чий–Кара-Суу кыштагынын ордунда жайгашкан. Мүрзөлөр төрт чарчы келип, тереӊдиги 2 ''м ''болгон. Үстү устундар менен кыналып, таш же топурак менен бастырылган. Алардан карапа, айнек идиштер, көп сандаган асемделген алтын жана күмүш буюмдар (шакек, сөйкө, медальон, скиф-сибирь айбанаттар стилиндеги сүрөттөрү бар буюмдар, коло мончоктор, тогоолор, күзгүлөр, ошондой эле канжар, кылычтын сыныктары, сооттор, жебелер, жаанын бөлүктөрү), айрымдарынан арча табыт табылган. Көрүстөнгө коюлган адамдардын сөөктөрүнө караганда ошол доордогу адамдар антропологиялык жактан монголоиддик аралашмасы бар европеоид тибине кирген.

[[Категория:1-Том]] | |||
10:52, 3 Апрель (Чын куран) 2026 -га соңку нускасы
АК-ЧИЙ-КАРА-СУУ КӨРҮСТӨНДӨРҮ ‒ биздин заманга чейин 6‒4-кылым ‒ биздин замандын 1‒5-кылымдагы сак жана гунн урууларына таандык археологиялык эстелик. Кетмен-Төбө өрөөнүндөгү, азыркы Токтогул суу сактагычынын алдында калган Ак-Чий–Кара-Суу кыштагынын ордунда жайгашкан. Мүрзөлөр төрт чарчы келип, тереӊдиги 2 м болгон. Үстү устундар менен кыналып, таш же топурак менен бастырылган. Алардан карапа, айнек идиштер, көп сандаган асемделген алтын жана күмүш буюмдар (шакек, сөйкө, медальон, скиф-сибирь айбанаттар стилиндеги сүрөттөрү бар буюмдар, коло мончоктор, тогоолор, күзгүлөр, ошондой эле канжар, кылычтын сыныктары, сооттор, жебелер, жаанын бөлүктөрү), айрымдарынан арча табыт табылган. Көрүстөнгө коюлган адамдардын сөөктөрүнө караганда ошол доордогу адамдар антропологиялык жактан монголоиддик аралашмасы бар европеоид тибине кирген.