КОМСОМОЛ (Сузак районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОМСОМОЛ 3 to КОМСОМОЛ (Сузак районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
25 март 2026, саат 10:31 учурдагы соңку нуска
КОМСОМО́Л (1940-жылга чейин К ы п ч а к - А б а д) – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Барпы атындагы айыл округунун борбору. Деңиз деңгээлинен 730 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 11 км чыгыш тарапта. Жалал-Абад темир жол бекетинен 3 км аралыкта. Кыштак 1927-жылы негизделген. Калкы 3018 (2022); негизинен дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, маданият үйү, амбулатория бар. Байланыш ж-а соода түйүндөрү, тамактануу жайлары, үрөнчүлүк чарбасы иштейт.