КОММУНИЗМ (коомдук-экономикалык көрүнүш): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (Temirkan moved page КОММУНИЗМ 1 to КОММУНИЗМ (коомдук-экономикалык көрүнүш)) |
||
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОММУНИ́ЗМ</b> (лат. kommunic – орток, жал­пы) – маркстик концепцияда капитализмди | <b type='title'>КОММУНИ́ЗМ</b> (лат. kommunic – орток, жал­пы) – маркстик концепцияда капитализмди | ||
алмаштыруучу ж-а өндүрүш каражаттарына болгон жалпы менчикке негизделген коомдук­ | алмаштыруучу ж-а өндүрүш каражаттарына болгон жалпы менчикке негизделген коомдук-­экономикалык көрүнүш; коммунизм өндүрүш каражаты жалпы элдик менчикке айланган, коомдун бардык мүчөлөрү социалдык теңчиликке жетишкен, «ар кимдин жөндөмүнө жараша, ар кимге керегине жараша» деген принципти ишке ашыруучу тап­сыз коомдук түзүлүш. Коммунизм – социализмдин өнүк­көн, жогорку баскычы катары каралат. Учурда бул термин мурдагы Советтер Союзунун ж-а анын өнөктөштөрүнүн саясий ж-а экономикалык түзүлүшүн мүнөздөгөнгө колдонулат. Коммунизм идеясы пайда бол­гондон эле (байыркы Кытай, Грек, Рим ж. б. өлкөлөрдө) мүлктүн орток ж-а адамдардын тең укуктуу болушу талап кылынган. Бул талап­ты 15-кылымда Чехияда гусчулар кыймылынын (М. Гуска), 16-кылымда Германияда дыйкандар со­гушунун (Т. <i>Мюнцер</i>), 17-кылымда Англияда, 18- кылымда Францияда буржуазиялык революциянын катышуучула­ры (Ж. Уинстэнли, Г. Бабёф) революциялык күрөштүн урааны катары жарыялашкан. 16–17-кылымдарда көптөгөн гуманисттер (Т. <i>Мор, Платон</i> ж. б.), 18-кылымда француз агартуучулары (Морелли, Г. Маб­ли ж. б.) коммунизм идеясы жөнүндө көз караштарды иш­теп чыгышкан. 19-кылымда А. Сен-Симон, Ш. Фу­рье, Р. Оуэн сыяктуу утопист-социалисттер коммунизм жөнүндөгү түшүнүктөргө эмгек, адам муктажды­гын канааттандыруу, эмгекке жараша бөлүштү­рүү ж. б. идеяларды киргизген. Бирок, утопия­лык коомдо жеке менчикке, мүлк теңсиздигине жол беришкен. 19-кылымдын 40-жылдарында К. Маркс м-н Ф. Энгельс коммунизмдин илимий теориясын (пролетар­дык революциянын негизинде капитализмди кула­тып, социализмге өтүү ж-а коммунисттик коомду куруу мыйзам ченемдери ж. б.) иштеп чыгыш­кан. Марксизм теориясы коомдук өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн түшүндүрүп гана тим бол­бой, аны өзгөртүү жолдорун аныктап, социа­лизмди утопиядан илимге айландырган. В. И. Ле­нин коммунизм теориясын андан ары өнүктүргөн, бирок коммунисттик идеяны коомдук турмуштун бар­дык чөйрөлөрүндө башкаруучу партия мамлекеттик органдарды такыба көзөмөлгө алышына жол берген доктринага айландырып жиберген. Бул доктринанын 2 негизги элементи болгон. Би­ринчиден, жумушчу табынын кызыкчылыкта­рын көздөгөн коммунисттик партия жетекчи­лик ролду ойногон. Партия «демократиялык централизм» принцибинин негизинде иш жүргү­зүп, мамлекеттик башкаруу органдарын көзөмөлдөгөн. Экинчиден, коомдук менчик ж-а экономиканы пландоо болгон. Эл чарбасы, өнөр жай тармагы пландуу экономика аркылуу ишке ашырылып, аны кеңири алкакта борбордоштуруу саясаты жүргүзүлгөн. Айыл чарба ишканаларына, завод-фабри­каларга алдын ала өндүрүш тапшырмалары бе­рилип, баалар түзүлүп, эмгек нормалары анык­талган. Рынок экономикасына ж-а өндүрүш ка­ражаттарынын жеке менчикке өтүүсүнө тыюу салынган. Бирок, бул принцип толугу м-н ишке ашкан эмес. Мисалы, Советтер Союзунда пролетариат диктатурасынын принцибине ылайык тотали­тардык бийликтин орношуна жол берилген. Коммунисттик моделдин натыйжасыздыгынан ж-а демократиянын жоктугунан Батыш Евро­пада (марксизмдин жактоочулары тарабынан деле) көп айыптала баштаган. 1970-жылы евроком­мунизм идеялары м-н куралданган батыштагы коммунисттик партиялар лениндик «пролета­риат диктатурасы» теориясынан баш тартып, демократиялык институттарды кабыл алган. Кийинки он жылдыкта коммунизмди ортодокстук ревизиялоо Советтер Союзуна ж-а Чыгыш Европа өлкөлөрүнө кеңи­ри жайылган; натыйжада, тынчтык революциялары­нын негизинде коммунисттик партиянын бий­лиги жоюлуп, рынок экономикасына ж-а эр­кин демократияга жол ачылды. Агрардык коомдон индустриялаштырууга өтүүдө коммунизмдин ойногон ролуна тарых келечекте өз баасын бериши мүмкүн, бирок коммунизм жөнүндөгү идеялар адам тарыхы­нын акыркы максаты болуп эсептелбейт, би­рок ыймандуу салымдары м-н коммунизм кандайдыр бир деңгээлде коомдо жашай берет.<p align='right'><i type='author'>Ш. Керимова.</i></p> | ||
өнөктөштөрүнүн саясий ж-а | |||
мүнөздөгөнгө колдонулат. | |||
өлкөлөрдө) мүлктүн орток ж-а адамдардын тең | |||
укуктуу болушу талап кылынган. Бул талап­ты 15- | |||
көптөгөн гуманисттер (Т. <i>Мор, Платон</i> ж. б.), 18- | |||
мүмкүн, бирок | |||
<p align='right'><i type='author'>Ш. Керимова.</i></p> | |||
[[Категория:4-том, 353-402 бб]] | [[Категория:4-том, 353-402 бб]] | ||
10:14, 24 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОММУНИ́ЗМ (лат. kommunic – орток, жалпы) – маркстик концепцияда капитализмди
алмаштыруучу ж-а өндүрүш каражаттарына болгон жалпы менчикке негизделген коомдук-экономикалык көрүнүш; коммунизм өндүрүш каражаты жалпы элдик менчикке айланган, коомдун бардык мүчөлөрү социалдык теңчиликке жетишкен, «ар кимдин жөндөмүнө жараша, ар кимге керегине жараша» деген принципти ишке ашыруучу тапсыз коомдук түзүлүш. Коммунизм – социализмдин өнүккөн, жогорку баскычы катары каралат. Учурда бул термин мурдагы Советтер Союзунун ж-а анын өнөктөштөрүнүн саясий ж-а экономикалык түзүлүшүн мүнөздөгөнгө колдонулат. Коммунизм идеясы пайда болгондон эле (байыркы Кытай, Грек, Рим ж. б. өлкөлөрдө) мүлктүн орток ж-а адамдардын тең укуктуу болушу талап кылынган. Бул талапты 15-кылымда Чехияда гусчулар кыймылынын (М. Гуска), 16-кылымда Германияда дыйкандар согушунун (Т. Мюнцер), 17-кылымда Англияда, 18- кылымда Францияда буржуазиялык революциянын катышуучулары (Ж. Уинстэнли, Г. Бабёф) революциялык күрөштүн урааны катары жарыялашкан. 16–17-кылымдарда көптөгөн гуманисттер (Т. Мор, Платон ж. б.), 18-кылымда француз агартуучулары (Морелли, Г. Мабли ж. б.) коммунизм идеясы жөнүндө көз караштарды иштеп чыгышкан. 19-кылымда А. Сен-Симон, Ш. Фурье, Р. Оуэн сыяктуу утопист-социалисттер коммунизм жөнүндөгү түшүнүктөргө эмгек, адам муктаждыгын канааттандыруу, эмгекке жараша бөлүштүрүү ж. б. идеяларды киргизген. Бирок, утопиялык коомдо жеке менчикке, мүлк теңсиздигине жол беришкен. 19-кылымдын 40-жылдарында К. Маркс м-н Ф. Энгельс коммунизмдин илимий теориясын (пролетардык революциянын негизинде капитализмди кулатып, социализмге өтүү ж-а коммунисттик коомду куруу мыйзам ченемдери ж. б.) иштеп чыгышкан. Марксизм теориясы коомдук өнүгүүнүн мыйзам ченемдүүлүгүн түшүндүрүп гана тим болбой, аны өзгөртүү жолдорун аныктап, социализмди утопиядан илимге айландырган. В. И. Ленин коммунизм теориясын андан ары өнүктүргөн, бирок коммунисттик идеяны коомдук турмуштун бардык чөйрөлөрүндө башкаруучу партия мамлекеттик органдарды такыба көзөмөлгө алышына жол берген доктринага айландырып жиберген. Бул доктринанын 2 негизги элементи болгон. Биринчиден, жумушчу табынын кызыкчылыктарын көздөгөн коммунисттик партия жетекчилик ролду ойногон. Партия «демократиялык централизм» принцибинин негизинде иш жүргүзүп, мамлекеттик башкаруу органдарын көзөмөлдөгөн. Экинчиден, коомдук менчик ж-а экономиканы пландоо болгон. Эл чарбасы, өнөр жай тармагы пландуу экономика аркылуу ишке ашырылып, аны кеңири алкакта борбордоштуруу саясаты жүргүзүлгөн. Айыл чарба ишканаларына, завод-фабрикаларга алдын ала өндүрүш тапшырмалары берилип, баалар түзүлүп, эмгек нормалары аныкталган. Рынок экономикасына ж-а өндүрүш каражаттарынын жеке менчикке өтүүсүнө тыюу салынган. Бирок, бул принцип толугу м-н ишке ашкан эмес. Мисалы, Советтер Союзунда пролетариат диктатурасынын принцибине ылайык тоталитардык бийликтин орношуна жол берилген. Коммунисттик моделдин натыйжасыздыгынан ж-а демократиянын жоктугунан Батыш Европада (марксизмдин жактоочулары тарабынан деле) көп айыптала баштаган. 1970-жылы еврокоммунизм идеялары м-н куралданган батыштагы коммунисттик партиялар лениндик «пролетариат диктатурасы» теориясынан баш тартып, демократиялык институттарды кабыл алган. Кийинки он жылдыкта коммунизмди ортодокстук ревизиялоо Советтер Союзуна ж-а Чыгыш Европа өлкөлөрүнө кеңири жайылган; натыйжада, тынчтык революцияларынын негизинде коммунисттик партиянын бийлиги жоюлуп, рынок экономикасына ж-а эркин демократияга жол ачылды. Агрардык коомдон индустриялаштырууга өтүүдө коммунизмдин ойногон ролуна тарых келечекте өз баасын бериши мүмкүн, бирок коммунизм жөнүндөгү идеялар адам тарыхынын акыркы максаты болуп эсептелбейт, бирок ыймандуу салымдары м-н коммунизм кандайдыр бир деңгээлде коомдо жашай берет.
Ш. Керимова.