КОМИ-ПЕРМЯК АВТОНОМИЯ ОКРУГУ: нускалардын айырмасы
No edit summary |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОМИ-ПЕРМЯК АВТОНОМИЯ ОКРУГУ</b> Россия­нын курамындагы административдик-аймактык бирдик. 1925-жылы 26- февралда Урал, 1935-жылы Свердлов, 1938-жылдан Пермь облусунун курамына кирген. Кама дарыясынын жогору жагында, Урал алдында жайгашкан. Аянты 32,9 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы | <b type='title'>КОМИ-ПЕРМЯК АВТОНОМИЯ ОКРУГУ</b> Россия­нын курамындагы административдик-аймактык бирдик. 1925-жылы 26-февралда Урал, 1935-жылы Свердлов, 1938-жылдан Пермь облусунун курамына кирген. Кама дарыясынын жогору жагында, Урал алдында жайгашкан. Аянты 32,9 миң <i>км</i><sup>2</sup>. Калкы 106,7 миң (2019).<br>Административдик-аймактык жактан 6 районго, 1 шаарга, 3 шаар­чага бөлүнөт. Борбору – Кудымкар шаары. Приволжье федерация округуна кирет. Авто­номия округдун шайлоочулары Пермь облусунун шайлоосуна катышууга акылуу. 2007-жылдан Коми-Пермяк округу болуп кайрадан түзүлүп, Пермь об­лусунун курамына өзгөчө административдик-аймактык бирдик бо­луп кирген.<br>Калкынын негизин коми-пермяктар (60,2%) түзөт, ошондой эле орус ж. б. улут өкүлдөрү да жа­шайт. Динге ишенгендери православныйлар, эски каада-салтты туткандар ж-а протестант­тар да бар. Орточо жыштыгы 1 <i>км</i><sup>2 </sup>жерге 4,4 киши. Шаар калкы 26,5%. Табияты калктын жашоосуна орточо жагымдуу. Экологиялык абалы канааттандырарлык. Январдын орточо температурасы –15°Сден –17°Сге чейин, июлду­ку 17–18°С. Жылдык жаан-чачыны 500 <i>мм</i>ге жакын. Башкы дарыясы – Кама (кеме жүрөт). Аймагынын <sup>4</sup>/5 бөлүгүн тайга ээлейт. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 2443,3 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү 19%, айыл чарбасыны­кы 39,4%. Токой (өнөр жай өндүрүшүнүн 51,4%и) өнөр жай комплекси өнүккөн. Ошондой эле жыгаччылык, тамак-аш (30,3%), электр энергетика (5,8%) өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбасына жарактуу жери 132 миң <i>га</i>, анын ичинен 115 миң <i>га</i>сы айдоо аянты. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүк­көн. Дан эгиндери (кара буудай, буудай, арпа) айдалат. Округдун түндүгүндө териси баалуу ай­банаттар асыралат.<br>Темир жол жок. Автомобиль жолунун узундугу 1690 <i>км</i> (анын ичинен асфальтталганы 335 <i>км</i>). Пожва ж-а Май­коп шаарчаларында дарыя порту, Кудымкарда аэропорт бар. Округда жалпы билим берүүчү 154 мекеме, 9 башталгыч ж-а атайын окуу жайы, 2 ЖОЖ (анын ичинде Удмурт университетинин филиалы), театр, улуттук маданий борбор, 3 музей (анын ичинде край таануу) иштейт. | ||
09:04, 24 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОМИ-ПЕРМЯК АВТОНОМИЯ ОКРУГУ Россиянын курамындагы административдик-аймактык бирдик. 1925-жылы 26-февралда Урал, 1935-жылы Свердлов, 1938-жылдан Пермь облусунун курамына кирген. Кама дарыясынын жогору жагында, Урал алдында жайгашкан. Аянты 32,9 миң км2. Калкы 106,7 миң (2019).
Административдик-аймактык жактан 6 районго, 1 шаарга, 3 шаарчага бөлүнөт. Борбору – Кудымкар шаары. Приволжье федерация округуна кирет. Автономия округдун шайлоочулары Пермь облусунун шайлоосуна катышууга акылуу. 2007-жылдан Коми-Пермяк округу болуп кайрадан түзүлүп, Пермь облусунун курамына өзгөчө административдик-аймактык бирдик болуп кирген.
Калкынын негизин коми-пермяктар (60,2%) түзөт, ошондой эле орус ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Динге ишенгендери православныйлар, эски каада-салтты туткандар ж-а протестанттар да бар. Орточо жыштыгы 1 км2 жерге 4,4 киши. Шаар калкы 26,5%. Табияты калктын жашоосуна орточо жагымдуу. Экологиялык абалы канааттандырарлык. Январдын орточо температурасы –15°Сден –17°Сге чейин, июлдуку 17–18°С. Жылдык жаан-чачыны 500 ммге жакын. Башкы дарыясы – Кама (кеме жүрөт). Аймагынын 4/5 бөлүгүн тайга ээлейт. Региондун дүң продукциясынын көлөмү 2443,3 млн рубль. Андагы өнөр жайдын үлүшү 19%, айыл чарбасыныкы 39,4%. Токой (өнөр жай өндүрүшүнүн 51,4%и) өнөр жай комплекси өнүккөн. Ошондой эле жыгаччылык, тамак-аш (30,3%), электр энергетика (5,8%) өнөр жай ишканалары иштейт. Айыл чарбасына жарактуу жери 132 миң га, анын ичинен 115 миң гасы айдоо аянты. Эт-сүт багытындагы мал чарбачылыгы өнүккөн. Дан эгиндери (кара буудай, буудай, арпа) айдалат. Округдун түндүгүндө териси баалуу айбанаттар асыралат.
Темир жол жок. Автомобиль жолунун узундугу 1690 км (анын ичинен асфальтталганы 335 км). Пожва ж-а Майкоп шаарчаларында дарыя порту, Кудымкарда аэропорт бар. Округда жалпы билим берүүчү 154 мекеме, 9 башталгыч ж-а атайын окуу жайы, 2 ЖОЖ (анын ичинде Удмурт университетинин филиалы), театр, улуттук маданий борбор, 3 музей (анын ичинде край таануу) иштейт.
Ад.: Коми-Пермяцкий Автономный облус//Россия. М., 2004; Большая Российская энциклопедия. Том 14. М., 2009.
Т. Чодураев.