КОЙ-ТАШ (Аксы районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КОЙ-ТАШ 1 to КОЙ-ТАШ (Аксы районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
16 март 2026, саат 07:35 учурдагы соңку нуска
КОЙ-ТАШ – Жалал-Абад облусунун Аксы районундагы кыштак. Жаңы-Жол айыл округуна караштуу. Кой-Таш суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 885 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кербен шаарынан 50 км чыгыш тарапта. Таш-Көмүр темир жол бекетинен 55 км. Кыштак 1931-жылы негизделген. Калкы 1961 (2022); негизинен мал м-н алектенип, тамекичиликте эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, медпункт бар.