КОЖОГАТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (2 intermediate revisions by 2 users not shown) | |||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЖОГАТ</b> (Fragaria L.) – роза гүлдүүлөр туку­мундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. 50дөй түрү Европа, Азия, | <b type='title'>КОЖОГАТ</b> (Fragaria L.) – роза гүлдүүлөр туку­мундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. 50дөй түрү Европа, Азия, Түндүк Африка ж-а Америкада өсөт. КМШ өлкөлөрүндө жапайы 7 түрү бар. Көп та­ралгандары: токой, көк, мускат, кыргыз кожогаты. Ал эми эгилме түрүнөн негизинен бак же ана­нас кожогаты (гибрид) өстүрүлөт. Анын жапайы түрү кездешпейт. Алгачкы сорту 18-кылымда Нидерланд­да пайда болгон. Бак кожогатынын сабагы кыска, бутактанып өсөт (бийиктиги 10 <i>см</i>). Жалбырагы үч ача, жазы, гүлү ак, сары түстүү. Мөмөсү кы­зыл, кызгылт, көп уруктуу. Чачы тамырлуу, тамыры жерге 20–25 <i>см</i> терең кирет. Суукка ба­йымсыз. Мөмөсүндө 80–90% суу, 0,8–1,6% кис­лота, 0,9–1,2% азоттуу зат, 1,0–1,7% пектин, 0, 16–0,25% өңдөгүч заттар, 0,4–0,8% күл, 50– 80 <i>мг</i>% С витамини бар. Гектарынан 6–10 т тү­шүм алынат. Мөмөсүнөн кыям, пастила, шире жасалат. Кожогаттын сорттору көп. Heгизги сортто­ру: тoo мөлмөлү, комсомол, фестиваль, киев, минск, аврора, өзбекстан, ташкент ж. б. Кожогат көчөтүнөн, мурутчаларынан көбөйтүлөт. Токой кожогатынын дарылык мааниси бар. Кыргызстанда неги­зинен Чүй өрөөнү м-н Ош облусунда өстүрүлөт. Гек­тарынан 65–90 <i>ц</i>ден түшүм жыйналат. Кожогат зыян­кечтери: кожогат шиш тумшугу, кожогат не­матодасы, кожогат кенеси; илдеттери: мөмө чириги, чаңгыл кебер. | ||
үч ача, жазы, гүлү ак, сары түстүү. Мөмөсү кы­зыл, кызгылт, көп уруктуу. Чачы тамырлуу, тамыры жерге 20–25 <i>см</i> терең кирет. Суукка ба­йымсыз. Мөмөсүндө 80–90% суу, 0,8–1,6% кис­лота, 0,9–1,2% азоттуу зат, 1,0–1,7% пектин, 0, 16–0,25% өңдөгүч заттар, 0,4–0,8% күл, 50– 80 <i>мг</i>% С витамини бар. Гектарынан 6–10 т тү­шүм алынат. Мөмөсүнөн кыям, пастила, шире жасалат. | |||
чириги, чаңгыл кебер. | |||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
10:05, 13 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЖОГАТ (Fragaria L.) – роза гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк. 50дөй түрү Европа, Азия, Түндүк Африка ж-а Америкада өсөт. КМШ өлкөлөрүндө жапайы 7 түрү бар. Көп таралгандары: токой, көк, мускат, кыргыз кожогаты. Ал эми эгилме түрүнөн негизинен бак же ананас кожогаты (гибрид) өстүрүлөт. Анын жапайы түрү кездешпейт. Алгачкы сорту 18-кылымда Нидерландда пайда болгон. Бак кожогатынын сабагы кыска, бутактанып өсөт (бийиктиги 10 см). Жалбырагы үч ача, жазы, гүлү ак, сары түстүү. Мөмөсү кызыл, кызгылт, көп уруктуу. Чачы тамырлуу, тамыры жерге 20–25 см терең кирет. Суукка байымсыз. Мөмөсүндө 80–90% суу, 0,8–1,6% кислота, 0,9–1,2% азоттуу зат, 1,0–1,7% пектин, 0, 16–0,25% өңдөгүч заттар, 0,4–0,8% күл, 50– 80 мг% С витамини бар. Гектарынан 6–10 т түшүм алынат. Мөмөсүнөн кыям, пастила, шире жасалат. Кожогаттын сорттору көп. Heгизги сорттору: тoo мөлмөлү, комсомол, фестиваль, киев, минск, аврора, өзбекстан, ташкент ж. б. Кожогат көчөтүнөн, мурутчаларынан көбөйтүлөт. Токой кожогатынын дарылык мааниси бар. Кыргызстанда негизинен Чүй өрөөнү м-н Ош облусунда өстүрүлөт. Гектарынан 65–90 цден түшүм жыйналат. Кожогат зыянкечтери: кожогат шиш тумшугу, кожогат нематодасы, кожогат кенеси; илдеттери: мөмө чириги, чаңгыл кебер.