КОЖЕМЯКО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
 
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
1 сап: 1 сап:
<b type='title'>КОЖЕМЯ&#769;КО</b> Пётр Никитич (1918, Казакстан, Костонай обл., Жетигара р-ну, Архангельск
<b type='title'>КОЖЕМЯ&#769;КО</b> '''Пётр Никитич''' (1918, Казакстан, Костонай облусу, Жетигара району, Архангельск кыштагы – 1973, Бишкек) – археолог, Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1983). 1938–42-жылдарда Ташкентте&shy;ги Орто Азия мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүткөн. 1946–54-жылдарда СССР ИА Кыргыз филиалынын та&shy;рых, тил ж-а адабият институтунда, 1956–60-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда илимий кыз&shy;маткер, 1960–73-жылдарда археология секторунун баш&shy;чысы болуп иштеген. Кыргызстандын археология&shy;сы, байыркы ж-а орто кылымдагы тарыхы боюнча 40тай эмгек жазган. Чүй, Талас өрөөндөрүндөгү Невакет, Ак-Төбө шаарларын казып, орто кылымдарда&shy;гы шаар маданиятын изилдеген. Чүй өрөөнүндөгү отурукташкан калктардын археологиялык эстеликте&shy;ри тууралуу монографиясы эң көрүнүктүү илимий эмгек болуп саналат. Кыргызстандагы байыркы ар&shy;хеологиялык эстеликтердин тизмесин түзүп, аларды кор&shy;гоого коомчулукту чакырган. Кыргызстанда архео&shy;логия илими боюнча адистерди даярдоого көп күч жумшаган. 1961-жылы Талас өрөөнүнөн рун жазуу&shy;су бар бир эстеликти (сегизинчи талас эстелиги) таап, Фрунзе шаарына алып келген.
кыш. – 1973, Бишкек) – археолог, Кыргыз
ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамл. сыйл. лауреаты (1983). 1938–42-ж. Ташкентте&shy;ги О. Азия мамл. ун-тинин тарых ф-тин бүткөн. 1946–54-ж. СССР ИА Кыргыз филиалынын Та&shy;рых, тил ж-а адабият ин-тунда, 1956–60-ж.
Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунда ил. кыз&shy;маткер, 1960–73-ж. археология секторунун баш&shy;чысы болуп иштеген. Кырг-ндын археология&shy;сы, байыркы ж-а о. кылымдагы тарыхы б-ча 40тай эмгек жазган. Чүй, Талас өрөөндөрүндөгү Невакет, Ак-Төбө ш-н казып, о. кылымдарда&shy;гы шаар мад-тын изилдеген. Чүй өрөөнүндөгү отурукташкан калктардын археол. эстеликте&shy;ри тууралуу монографиясы эң көрүнүктүү ил. эмгек болуп саналат. Кырг-ндагы байыркы ар&shy;хеол. эстеликтердин тизмесин түзүп, аларды кор&shy;гоого коомчулукту чакырган. Кырг-нда архео&shy;логия илими б-ча адистерди даярдоого көп күч жумшаган. 1961-ж. Талас өрөөнүнөн рун жазуу&shy;су бар бир эстеликти (сегизинчи талас эстелиги) таап, Фрунзе ш-на алып келген.
 


Эмг.: Раннесредневековые города и поселения Чуй&shy;ской долины. Ф., 1959.
Эмг.: Раннесредневековые города и поселения Чуй&shy;ской долины. Ф., 1959.
[[Категория:4-том, 307-352 бб]]
[[Категория:4-том, 307-352 бб]]

09:18, 13 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы

КОЖЕМЯ́КО Пётр Никитич (1918, Казакстан, Костонай облусу, Жетигара району, Архангельск кыштагы – 1973, Бишкек) – археолог, Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1983). 1938–42-жылдарда Ташкентте­ги Орто Азия мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүткөн. 1946–54-жылдарда СССР ИА Кыргыз филиалынын та­рых, тил ж-а адабият институтунда, 1956–60-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда илимий кыз­маткер, 1960–73-жылдарда археология секторунун баш­чысы болуп иштеген. Кыргызстандын археология­сы, байыркы ж-а орто кылымдагы тарыхы боюнча 40тай эмгек жазган. Чүй, Талас өрөөндөрүндөгү Невакет, Ак-Төбө шаарларын казып, орто кылымдарда­гы шаар маданиятын изилдеген. Чүй өрөөнүндөгү отурукташкан калктардын археологиялык эстеликте­ри тууралуу монографиясы эң көрүнүктүү илимий эмгек болуп саналат. Кыргызстандагы байыркы ар­хеологиялык эстеликтердин тизмесин түзүп, аларды кор­гоого коомчулукту чакырган. Кыргызстанда архео­логия илими боюнча адистерди даярдоого көп күч жумшаган. 1961-жылы Талас өрөөнүнөн рун жазуу­су бар бир эстеликти (сегизинчи талас эстелиги) таап, Фрунзе шаарына алып келген.

Эмг.: Раннесредневековые города и поселения Чуй­ской долины. Ф., 1959.