КОЖЕМЯКО: нускалардын айырмасы
vol4>KadyrM No edit summary |
No edit summary |
||
| 1 сап: | 1 сап: | ||
<b type='title'>КОЖЕМЯ́КО</b> Пётр Никитич (1918, Казакстан, Костонай | <b type='title'>КОЖЕМЯ́КО</b> '''Пётр Никитич''' (1918, Казакстан, Костонай облусу, Жетигара району, Архангельск кыштагы – 1973, Бишкек) – археолог, Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1983). 1938–42-жылдарда Ташкентте­ги Орто Азия мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүткөн. 1946–54-жылдарда СССР ИА Кыргыз филиалынын та­рых, тил ж-а адабият институтунда, 1956–60-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда илимий кыз­маткер, 1960–73-жылдарда археология секторунун баш­чысы болуп иштеген. Кыргызстандын археология­сы, байыркы ж-а орто кылымдагы тарыхы боюнча 40тай эмгек жазган. Чүй, Талас өрөөндөрүндөгү Невакет, Ак-Төбө шаарларын казып, орто кылымдарда­гы шаар маданиятын изилдеген. Чүй өрөөнүндөгү отурукташкан калктардын археологиялык эстеликте­ри тууралуу монографиясы эң көрүнүктүү илимий эмгек болуп саналат. Кыргызстандагы байыркы ар­хеологиялык эстеликтердин тизмесин түзүп, аларды кор­гоого коомчулукту чакырган. Кыргызстанда архео­логия илими боюнча адистерди даярдоого көп күч жумшаган. 1961-жылы Талас өрөөнүнөн рун жазуу­су бар бир эстеликти (сегизинчи талас эстелиги) таап, Фрунзе шаарына алып келген. | ||
ССРинин илим ж-а техника жаатындагы | |||
Кыргыз ССР ИАнын | |||
Эмг.: Раннесредневековые города и поселения Чуй­ской долины. Ф., 1959. | Эмг.: Раннесредневековые города и поселения Чуй­ской долины. Ф., 1959. | ||
[[Категория:4-том, 307-352 бб]] | [[Категория:4-том, 307-352 бб]] | ||
09:18, 13 Март (Жалган куран) 2026 -га соңку нускасы
КОЖЕМЯ́КО Пётр Никитич (1918, Казакстан, Костонай облусу, Жетигара району, Архангельск кыштагы – 1973, Бишкек) – археолог, Кыргыз ССРинин илим ж-а техника жаатындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1983). 1938–42-жылдарда Ташкенттеги Орто Азия мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүткөн. 1946–54-жылдарда СССР ИА Кыргыз филиалынын тарых, тил ж-а адабият институтунда, 1956–60-жылдарда Кыргыз ССР ИАнын тарых институтунда илимий кызматкер, 1960–73-жылдарда археология секторунун башчысы болуп иштеген. Кыргызстандын археологиясы, байыркы ж-а орто кылымдагы тарыхы боюнча 40тай эмгек жазган. Чүй, Талас өрөөндөрүндөгү Невакет, Ак-Төбө шаарларын казып, орто кылымдардагы шаар маданиятын изилдеген. Чүй өрөөнүндөгү отурукташкан калктардын археологиялык эстеликтери тууралуу монографиясы эң көрүнүктүү илимий эмгек болуп саналат. Кыргызстандагы байыркы археологиялык эстеликтердин тизмесин түзүп, аларды коргоого коомчулукту чакырган. Кыргызстанда археология илими боюнча адистерди даярдоого көп күч жумшаган. 1961-жылы Талас өрөөнүнөн рун жазуусу бар бир эстеликти (сегизинчи талас эстелиги) таап, Фрунзе шаарына алып келген.
Эмг.: Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Ф., 1959.