КАРА-САЙ (Кара-Буура районундагы кыштак): нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
м (Temirkan moved page КАРА-САЙ 1 to КАРА-САЙ (Кара-Буура районундагы кыштак)) |
(Айырма жок)
| |
20 ноябрь 2025, саат 07:56 учурдагы соңку нуска
КАРА-САЙ – Талас облусунун Кара-Буура районундагы кыштак. Бакайыр айыл округуна караштуу. Деңиз деңгээлинен 2100 м бийикте жайгашкан. Райондун борбору Кызыл-Адыр кыштагынан 35 км түштүк-батыш тарапта. Маймак темир жол бекетинен 35 км. Кыштак 1932-жылы негизделген. Калкы 3759 (2022); негизинен мал м-н алектенип, дыйкан чарбаларында эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, клуб, мончо бар. Турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, дарыкана, соода түйүндөрү, тегирмен, майжуаздар иштейт.