КАЛМАК-АШУУ (ашуу): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

13 октябрь 2025, саат 09:42 учурдагы соңку нуска

КАЛМАК-АШУУ – Күнгөй Ала-Тоонун батыш бөлүгүндөгү ашуу. Бийиктиги 3250 м. Түштүк бети бир кыйла тик, батышы жантайыңкы. Тоо кыр­ларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 250–300 м. Протерозойдун метаморфизмделген тоо тектеринен турат, палеозойдун граниттери да бар. Ашуу июнь – октябрь айларында ачык. Белде майда шагыл, беттерде кумай кездешет. Чоң Кемин м-н Ысык-Көл ойдуңдарын байла­ныштырган чукул жол өтөт.