БЕКЕТОВ Николай Николаевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
(Айырма жок)

13 октябрь 2025, саат 08:30 учурдагы соңку нуска

БЕКЕ́ТОВ Николай Николаевич [1 (13).1.1827, Пенза губерниясы, Жаңы Бекетовка кыштагы – 30.11(13.12).1911, Санкт-Петербург] – орус фи­зик-химиги, Петербург ИАнын академиги (1886), физик-химиктердин мектебин негиздөөчү. Ка­зан университетин 1849-жылы бүтүргөн. 1859–87-жылдарда Харь­ков университетинин профессору, 1886-жылдан Петербург ИАда иштеген. Ал басым алдында металлдар­ды алардын туздарынын эритмелеринен суутек ж-а жогорку температурада башка металлдарды туз­дарынан магний м-н цинк сүрүп чыгара турган­дыгын аныктаган. 1859–65-жылдарда жогорку темп­ературада металлды металл оксиддеринен алюминий м-н калыбына келтирүү мүмкүн экенин байка­ган. Бул иштери алюминотермия процессине негиз болгон. Ал физикалык химиянын өсүшүнө, аны өз алдынча илимий ж-а окуу сабагы катары кир­гизүүдө зор эмгек сиңирген.