ЖАНДАНДЫРУУ (стилдик ыкма же каражат): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

30 июнь 2025, саат 07:23 учурдагы соңку нуска

ЖАНДАНДЫРУУ – айбанатты, жаратылыш көрүнүштөрүн же жансыз нерселерди сүрөттөөдө аларды адам сыяктуу ойлотуп, кайгыртып (антропоморфизм) көрсөтүүчү стилдик ыкма же каражат (мисалы, «Аскасы бийик тоо ыйлап, арс­тан Манас өлгөндө, карагай ыйлап, тал ыйлап...»). Жандандыруу көркөм адабиятта сүрөттөлүп жаткан окуяны же кубулушту элестүү, даана чагылды­руу үчүн пайдаланылат. Ал фольклордо да, көркөм адабиятта да арбын учурайт (мисалы, «жүрөк ырдайт», «суу күлөт», «асман ыйлайт»).