БЕКЕТОВ Андрей Николаевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(One intermediate revision by one other user not shown)
(Айырма жок)

18 март 2025, саат 05:43 учурдагы соңку нуска

БЕКЕ́ТОВ Андрей Николаевич [26.11.(8.12). 1825, Россия, Пенза губерниясы, Новая Бекетовка – 1(14).7. 1902, Москванын жаны] – орус бота­ник-эволюционисти, өсүмдүк морфологиясын ж-а географиясын негиздөөчүлөрдүн бири; рос­сиялык ботаниктердин илимий мектебин уюшту­руучу; Петербург ИАнын корреспондент-мүчөсү (1891), ар­дактуу мүчөсү (1895). Казан университетин бүтүргөн (1849). Харьков университетинде профессор (1863–97), Санкт- Петербург университетинин ректору (1876–83), ошол университеттин алдында ботаникалык бак ж-а гербарий уюш­турган. «Ботанические записки» журналын уюштуруучулардын бири. Аялдар жогорку кур­сун уюштурган ж-а жетектеген (1878-жылдан). Өсүмдүктүн вегетациялык органдарынын түзү­лүш закон ченемин, өсүмдүктүүлүктүн алкактуу­лук маселелерин ж-а жандуу табияттын бүтүн­дүүлүгүн изилдеген. К. А. Тимирязев, В. Л. Кома­ров, И. Ф. Шмальгаузен анын окуучулары бол­гон. Жогорку мектептер үчүн көптөгөн окуу китептердин автору.

Эмг.: Курс ботаники. Морфология и географические распределение семейств... СПб., 1889.