БЕШ-ӨРҮК: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
No edit summary |
|
(Айырма жок)
| |
6 март 2025, саат 05:41 учурдагы соңку нуска
БЕШ-ӨРҮК , Б е ш к ө р ү к – Чүй облусунун Москва районундагы кыштак. Александровка айыл өкмөтүнө караштуу. Көнтөй суусунун боюнда, деңиз деңгээлинен 676 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору ж-а темир жол бекети Беловодский кыштагынан 18 км чыгышта. Кыштак 1930-жылы негизделген. Калкы 1385 (2022); негизинен жашылча өстүрүүдө эмгектенет. Орто мектеп, ФАП, китепкана бар. Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго эстелик тургузулган.