ВИКТОРИЯ ЧОӉ ЧӨЛҮ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

28 январь 2025, саат 04:02 учурдагы соңку нуска

ВИКТО́РИЯ ЧОӉ ЧӨЛҮ – Австралиянын түштүгүндөгү кумдуу чөл. Аянты 300 миң км2. Деңиз деңгээлинен орточо бийиктиги 150–300 м. Дайыма жүрүп туруучу шамалдын багытына карай жаткан кум жалчалары басымдуу (бийиктиги 10– 30 м); ал спинифекс өсүмдүктөрүнүн тамырла­ры м-н бекемделген. Жылдык жаан-чачыны 125–250 мм. Улуттук парк уюшулган.