ГРЕЧУХИНА Мария Яковлевна: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

28 январь 2025, саат 03:23 учурдагы соңку нуска

ГРЕЧУ́ХИНА Мария Яковлевна (1909, Сокулук району, Сокулук кыштагы – өлгөн жылы белгисиз) – кызылчачы, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1948). 1933-жылдан Сокулук

районундагы 21-партсъезд (мурдагы Крупская) атындагы колхоздун кызылча өстүрүүчү звеносунун башчысы болуп иштеген. Техникалык өсүмдүктөрдүн, айрыкча кант кызылчасынын түшүмүн жогорулатууда көп жылдар бою үзүрлүү эмгектенген. 1947-жылы 2 га жердеги кант кызылчасынын ар гектарынан 829,5 цден түшүм алууга жетишкен. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сыйланган.