ГРЕБЕЩЕНКО Дмитрий Николаевич: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

28 январь 2025, саат 03:12 учурдагы соңку нуска

ГРЕБЕ́ЩЕНКО Дмитрий Николаевич [1905, азыркы Талас облусу, Кара-Буура району, Грозный (азыркы Аманбаев) айылы – 1980, ошол эле жерде] – тамеки өстүрүүчү, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1950).

Эмгек жолун Киров районундагы Калинин атындагы колхоздо тамеки өстүрүү боюнча звенонун башчысы болуп иштөөдөн баштаган. Ал жетектеген звено 1949-жылы 10, 6 га жердеги тамекинин ар гектарынан 21, 9 цден түшүм жыйнап алган. Ленин, Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз ордендери м-н сыйланган.