ГОТТОР: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| (One intermediate revision by one other user not shown) | |||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''ГОТТОР''' , г о т о н д о р (лат. Gothi, Gothones) – чыгыш германдар уруусу. Б. з. башында Балтика деӊизинин | '''ГОТТОР''' , г о т о н д о р (лат. Gothi, Gothones) – чыгыш германдар уруусу. Б. з. башында Балтика деӊизинин түштүк жээгинде ж-а Висланын (төмөнкү агымы) боюнда, 3-кылымда Кара деӊиздин түндүк жээгинде жашашкан. Готтор уруусунун өсүшүнө Кара деӊиздин түштүк-батышындагы шаарлардын ж-а скиф-сармат урууларынын маданияты чоӊ таасир тийгизген. Башка уруулар м-н бирдикте Готтор Рим империясынын аймактарына талоончул жортуулдарды уюштуруп турушкан. 4-кылымда алар христиан динин (арианчылык) кабыл алышкан. Готтор остготтор (Днепрдин төмөнкү агымында), вестготтор (Днестрдин төмөнкү агымында) болуп бөлүнгөн. Остгот королу Эрманарих жетектеген Готтордун уруу союзу 375-жылы ''хунндар'' тарабынан талкалагандан кийин, алар биротоло экиге бөлүнүп кетишкен. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
23 октябрь 2024, саат 03:48 учурдагы соңку нуска
ГОТТОР , г о т о н д о р (лат. Gothi, Gothones) – чыгыш германдар уруусу. Б. з. башында Балтика деӊизинин түштүк жээгинде ж-а Висланын (төмөнкү агымы) боюнда, 3-кылымда Кара деӊиздин түндүк жээгинде жашашкан. Готтор уруусунун өсүшүнө Кара деӊиздин түштүк-батышындагы шаарлардын ж-а скиф-сармат урууларынын маданияты чоӊ таасир тийгизген. Башка уруулар м-н бирдикте Готтор Рим империясынын аймактарына талоончул жортуулдарды уюштуруп турушкан. 4-кылымда алар христиан динин (арианчылык) кабыл алышкан. Готтор остготтор (Днепрдин төмөнкү агымында), вестготтор (Днестрдин төмөнкү агымында) болуп бөлүнгөн. Остгот королу Эрманарих жетектеген Готтордун уруу союзу 375-жылы хунндар тарабынан талкалагандан кийин, алар биротоло экиге бөлүнүп кетишкен.