ГЕМИГИЛЕЯ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
No edit summary |
||
| 1-сап: | 1-сап: | ||
'''ГЕМИГИЛЕ́Я ''' (''геми...'' ж-а гр. hele – токой), ч а л а г и л е я – | '''ГЕМИГИЛЕ́Я ''' (''геми...'' ж-а гр. hele – токой), ч а л а г и л е я – Түндүк ж-а Түштүк жарым шарлардын субтропиктик, бир аз тропиктик ж-а мелүүн алкактарда өскөн нымдуу, дайыма жашыл ж-а (кыйла жогорку кеӊдиктердеги) жайында жашыл аралаш токой. Токой астында кызыл-коӊур, сары ж-а кызыл топурактар өөрчүйт. ''Гилея'' сыяктуу эле дарактарынын бийиктиги (45–55 ''м''), көп ярустуулугу, түнт, чытырман токою, түргө байлыгы, лианалардын, дарак сымал папоротниктердин ж-а гүлдүү эпифиттердин көптүгү м-н өзгөчөлөнөт. Бамбук бадалдары, гигрофиль өсүмдүктүү саздар көп кездешет. Дайыма нымдуу океандык климаттык шартта өсөт; жаан-чачындын жылдык өлчөмү бардык жеринде 1000 ''мм''ден, айрым жерлеринде 5000 ''мм''ден ашык; абанын темппературасы сутка ичинде ж-а сезон боюнча бир аз гана өзгөрөт. Гемигилея АКШнын түштүк-батышындагы, Бразилия бөксө тоосунун түштүгүндөгү, Африканын түштүк-чыгышындагы, Жаӊы Зеландиядагы ж. б. айрым жерлердеги тоолордун айдарым капталдарын ээлейт. | ||
[[Category: 2-том]] | [[Category: 2-том]] | ||
21 август 2024, саат 09:21 учурдагы соңку нуска
ГЕМИГИЛЕ́Я (геми... ж-а гр. hele – токой), ч а л а г и л е я – Түндүк ж-а Түштүк жарым шарлардын субтропиктик, бир аз тропиктик ж-а мелүүн алкактарда өскөн нымдуу, дайыма жашыл ж-а (кыйла жогорку кеӊдиктердеги) жайында жашыл аралаш токой. Токой астында кызыл-коӊур, сары ж-а кызыл топурактар өөрчүйт. Гилея сыяктуу эле дарактарынын бийиктиги (45–55 м), көп ярустуулугу, түнт, чытырман токою, түргө байлыгы, лианалардын, дарак сымал папоротниктердин ж-а гүлдүү эпифиттердин көптүгү м-н өзгөчөлөнөт. Бамбук бадалдары, гигрофиль өсүмдүктүү саздар көп кездешет. Дайыма нымдуу океандык климаттык шартта өсөт; жаан-чачындын жылдык өлчөмү бардык жеринде 1000 ммден, айрым жерлеринде 5000 ммден ашык; абанын темппературасы сутка ичинде ж-а сезон боюнча бир аз гана өзгөрөт. Гемигилея АКШнын түштүк-батышындагы, Бразилия бөксө тоосунун түштүгүндөгү, Африканын түштүк-чыгышындагы, Жаӊы Зеландиядагы ж. б. айрым жерлердеги тоолордун айдарым капталдарын ээлейт.