ОРГОЧОР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОРГОЧОР (монголчо оргоцор - бөлөк-бөлөк тоо, дөңсөө) — Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз р-нун­дагы кыштак. Оргочор айыл аймагына караш­туу. Ысык-Көл ойдуңунун түштүк-чыгышында, Оргочор дөнсөөсүнүн түштүк этегинде, дениз денг.

1752 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбо­ру Кызыл-Суу кыштагынан 2 км чыгыш тарап­та. Балыкчы т. ж. бекетинен 189 км. Кыштак 1932-жылы пайда болгон. Калкы 2394 (2007); неги­зинен мал багып, тоют даярдайт, дыйканчылык кылат. Орто мектеп, китепкана, бала бакча, амбу­латория, маданият үйү, музей бар. Улуу Ата Мекен­дик согушта курман болгондорго жана Сарт аке менен Тилекмат акеге эстелик тургузулган. Кыш­такта Социалисттик Эмгектин Баатыры Ж. Тынаев туулган.