ОРГАНОГЕНДҮҮ ТОО ТЕКТЕР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОРГАНОГЕНДҮҮ ТОО ТЕКТЕР, биогендүү тоо тектер - жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн калдыгынан же алардын тиричилик процессине байланыштуу пайда болгон чөкмө тоо тектер. Жаныбарлар менен өсүмдүктөрдүн организми ткандарды же скелеттерди түзүүчү минерал бирикмелерин топтоого жөндөмдүү. Бул бирикмелер алардын калдыктарында сакталып, 0. т. т-дуларды пайда кылат. Ал заттык курамы боюнча аки таштуу, кремнийлүү, фосфаттуу, көмүрлүу, нефтилүү болуп бөлүнөт. Аки таштуу 0. т. т-ди фораминифералардын үлул кабыктары, шуру (коралл), балык курту (мшанка), брахиопод сыяктуу жаныбарлардын калдыктары түзөт. Кремнийлүү 0. т. т-дин курамын организминде кремний көп кездешкен балырлар, былпылдактар (губкалар) жана радиоляриялардын калдыгы жаратат. Фосфориттүү 0. т. т-н омурткалуу жаныбарлар, силур мезгилинин брахиоподу пайда кылат.