ОРГАНИКАЛЫК ЖЕР СЕМИРТКИЧ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОРГАНИКАЛЫК ЖЕР СЕМИРТКИЧ - өсүмдүк­кө азык зат катары керектүү органикалык бирикме. Аны дайыма колдонуу менен топурактын физикалык-химиялык жана химиялык касиеттери, суу жана аба режими, анда­гы пайдалуу (аммоний жана азот топтоочу) мик­роорганизмдердин жашоо тиричилиги жакшы­рат. Негизги О. ж. с-тер: кык, кыкчыласы, куш кыгы, фекалий, түрдүү компосттор, көк жер се­мирткич, саман, шаар таштандылары (ыплас суулар, алардын чөгүндүлөрү, тамак-аш калдык­тары), көл, көлмөлөрдүн чөгүндүлөрү, тамак­аш, булгаары ө. ж. калдыктары ж. б. О. ж. с. өсүмдүккө керек микро­жана макроэлементтер­ди камтыйт, мисалы, мал кыгынын 1 тсында 20 кг- дай азот, 10 фосфор (Р2О_), 24 кальций (СаО), 6 магний (М&О), 26 г бор, 230 г марганец ж. б. болот. Топуракка чачылган жер семирткичтин 35-40% и О. ж. с-ке туура келет. 0. ж. с. топу­рактагы азык заттарды (фосфор, калий, магний, күкүрт ж. б.), чириндини көбөйтөт, топурактын физикалык касиетин жакшыртып, минералдык жер семирткичтерди пайдаланууга шарт түзөт, суу жана аба алмашуусу жакшырат. О. ж. с. Кытай, Корея, Японияда мындан 3 миң жыл мурда эле колдонула баштаган. Ватыш Европада 13-14- к-да, ал эми О. Азияда эзелтен эле көп жер семирткичтер колдонулуп келген. 0. ж. с-ди кол­донууда картөшкөдөн 50-60 вдей, кант кызыл­часынан 3 вдей кошумча түшүм алса болот.

Ад.: Ибраимов Н. Кыргызстанда органикалык жер семирткичтерди рационалдуу пайдалануу. Ф., 1975; Краткий справочник по удобрениям. М., 1984.