ОРГАНИКАЛЫК АИНЕК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОРГАНИКАЛЫК АЙНЕК - органикалык полимерлерден алынган оптикалык тунук, катуу материалдар­дын техникалык аты. О. а. метилметакрилатты поли­мерлөөдөн алынат. Полиметилметакрилат ай­неги түссүз же боёлгон түрдө, тунук же тунук эмес, жука, блок ж. б. түрүндө чыгарылат. О. а. метилметакрилатта, ацетондо, дихлорэтанда, бензолдо, уксус кислотасында ж. б. органикалык эриткич­терде жакшы эрийт. Алар сууга, жегичтерге, органикалык эмес кислоталардын суудагы эритмесинде жана аба­га туруктуу, бензин ж. б. майларда инерттүү. Концент. күкүрт, азот, хром жана суюлтулган фтордуу суутек кислоталарында касиетин өзгөртөт. 0. а. кадимки эле металлдарды иштетүүчү тетик­тер менен оңой иштетилет, оңой жылмаланат, же­лимденүүгө жөндөмдүү. Азыркы мезгилде бе­кемдиги өтө жогору О. а. чыгарылат. Ал курулушта, авиация, автомобиль, кеме куруу ө. ж-нда, а. ч., медицина ж. б. тармактарда кол­донулат. .