ОРГАНИЗМДИ ЧЫҢДОО: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОРГАНИЗМДИ ЧЫҢДОО - организмдин кли­маттын жагымсыз таасирине байымдуулугун жогорулатуу үчүн жүргүзүлүүчү иш-чаралар. О. ч-нун натыйжасында киши суукка жана суук тийүүдөн болуучу ооруга чыдамдуу келип, анда кан айлануу, зат алмашуу жакшырат. Аны бала кезден баштоо керек. Денени чыңдоону баштоо­дон мурда врач менен кенешүү зарыл. Гипотрофия, итий, кайталап кармаган же өнөкөт оорулар­дан начарлаган балдарга денесин чыңдоо өзгөчө керек. Денени чындоодо таза абада жөө басуу, жай жүгүрүү, лыжа, коньки тебүү ж. б. пайда­луу. Суу процедурасы өзгөчө орунду ээлейт. Үй шартында сүртүнүү, куюнуу, душка түшүү ж. б. кеңири таралган. О. ч. үчүн ошондой эле күн нурунун таасири жана дене тарбия көнүгүүлөрү, таза аба­да же желдетилген бөлмөдө эртең менен гигиена­лык көнүгүү жасоо өтө зарыл. Улгайган адам­дын денесин чындоону этияттык менен врачтын кароосунда жүргүзүү зарыл.