ОРГАНИЗМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОРГАНИЗМ (латынча ог^ашво - канаттандыруу, келбетке келтирүү) - бири бирине өз ара көз каранды жана бири бири менен байланыштуу, өз ара мамилеси бар жашоо аракеттерин алып жүрүүчү жана алардын касиеттерин мүнөздөөчү бир бүтүн жандуу түзүлүш. Жансыз материядан айырмаланган касиеттерге ээ, О. бир жана көп клеткалуу түзүлүштө болуп, зат алмашуу, өсүү жана өрчүү, дүүлүгүү, көбөйүү ж. б. физиол, процесстердин жүрүшү менен мүнөздөлөт. Зат алмашуу О-дин дайыма жаңырып турушун жана ички чөйрөнүн туруктуулугун камсыз кылат. Кээ бир О-дин (мисалы, бактерия, көк жашыл балыр, риккетсия ж. б.) ядросу жана хромосома аппараты болбойт, алар прокариот деп аталып, түзүлүшү жөнөкөй жана көлөмү кичине болот. Жашаган чөйрөсүнө жараша О-дин түзүлүшү түрдүүчө. Жөнөкөйлөрдө тиричилик функциясын органеллалар аткарат. Эволюциялык процесстин негизинде көп клеткалуулуктун пайда болушу О-дин морфол.- физиол. татаалдануусуна жана нерв-гумордук башкаруунун негизинде клетка, ткань, органдардын структуралык жана функциялык жактан координацияланып, дифференциацияланышына алып келди.
Ад.: Панов Е. Н. Бегство от одиночества: индивидуальное и коллективное в природе и в человеческом обществе. М., 2001.