ОРБЕЛИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОРБЕЛИ Иосиф Абгарович [20(8). 3. 1887, Кутаи­си - 2. 2. 1961, Ленинград] - советтик чыгыш таа­нуучу жана коомдук ишмер, СССР ИАнын акаде­миги

(1935), Армян ССР ИАнын академиги жана анын 1-президенти (1943- 47). 1911-жылы Петер­бург университетин бүтүргөн. 1914- 31-ж. Петербург, кийинче­рээк Ленинград университетинде до­цент жана проф. 1920-жыл­дан Мамлекеттик Эрмитажда иш­теп, советтик чыгыш таануунун ири борбору болуп калган Чыгыш бөлүмүн түзгөн; 1934-51-ж. Эрмитаждын ди­ректору. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында Ленинградда калып, музей байлыктарын сактоо боюнча чоң иштерди жаса­ган, согуштан кийин Эрмитажды калыбына кел­тирүү иштерин жетектеген. 1956-61-ж. Ленин­град мамлекеттик университетинин чыгыш факультетинин деканы, 1956-61-ж. СССР ИА нын Азия элдери институту­нун Ленинград бөлүмүнүн башчысы. Негизги изилдөөлөрү кавказ таанууга, Ж. Чыгыштын о. кылымдагы маданиятына, армян эпиграфикасы­на, фольклоруна, элдик эпоско, күрд тилине, Грузия, Армения архитектурасына, Сасаниддер жана сельжуктардын маданияттарына арналган. Студент кезинде Армения борбору Ани ш-н археол. изилдөөгө катышкан. Ван көлүнүн аймагында (Түркия) жана Арменияда казуу иштерин жүр­гүзгөн. Эки Ленин ордени менен сыйланган.

Эмг.: Избр. труды. Ер., 1963; Избр. труды в двух томах. М., 1968;

Ац.: Юзбашян К. Н. Академик И. А. Орбели. М., 1964.