ОРАНЖ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОРАНЖ (Огап)е, Огап^е) - Түштүк Африкадагы дарыя; Лесото, ТАР жана Намибия мамлекетте­ринин аймактары аркылуу агат. Узундугу 1860 км, алабынын аянты 1038 клг2. Монт-о-Сурс чоку­сунун капталдарынан, 3160 м бийиктиктен баш­талып, адегенде Синку деп аталат. Чыгышты карай агып, Атлантика океанына куят. Ири куймалары: Каледон, Ваал (оң). Кургакчыл Бийик Вельд аймагын, Кап платосун кесип өтүп, Калахаринин түштүк чет-жакасы аркылуу агат. Нугунда босоголор, шаркыратмалар арбын бол­гондуктан, кеме жүрбөйт. Жамгыр сууларынан куралат. Ноябрдан апрелге чейин суусу кирип, февраль - мартта ташкындайт, июль - август­та тартылат. Алабында сугат системалары, суу сактагычтар, гидроузелдер, ГЭС курулган. Бо­юнда Аливал-Норт, Приска, Апингтон ш. жай­гашкан. Голландия канзаадасы Оранскийдин урматына аталган.