ОРАНГУТАН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОРАНГУТАН (Роп£о) - киши сымал маймыл­дар уруусу. Бир түрү (кадимки орангутан) бар. Эркегинин бийиктиги 1,5 м, салмагы 200 кгга же­тет, ургаачысы кичирээк. Арткы буту кыска, алдынкысы

өтө узун. Булчуңдары жакшы өөр­чүгөн. Денеси кызыл күрөң түстөгү сейрек жүн менен капталган. Ийин курчоосунда узундугу 40 смге чейин жеткен жүнү, башында калың чачы, са­кал, муруту бар. Бети жазы, көздөрү бири би­рине жакын жай­гашкан, мурду, ку­лагы кичине. Су­матра жана Кали­мантан а-дарынын саздуу тропик то­койлорундагы бак­та жалгыздан жа­шайт. Мөмө, куш­тардын балапаны, жумурткасы менен азыктанат. Ургаа­чысы балдары менен кошо эркегинен бө­лөк жүрөт. Жаңы туулган баласынын салмагы 1,5-2 кг болуп, 3-4 жашка чейин энеси эмизет.

30 жашка чейин жашайт. Саны азайып кеткен. ТКЭСтин Кызыл китебине киргизилген.