ОППОЗИЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОППОЗИЦИЯ (латынча оррозШо - каршы чыгуу, каяша айтуу) - өкмөттүн же бийликте турган партиянын жүргүзгөн саясатына каршы өз көз карашы жана саясаты менен чыккан партиялар жана топтор. Демокр. өлкөлөрдө бийликтин ажырагыс бөлүгү катары бардык саясий процесске катышуу аркылуу айрым учурда, бийликти толук колдоосу, кээде ага каршы болуусу менен өлкөнүн өнүгүшүнө оң таасир берет. 1) с а я с й й; өкмөттү же бийлик органын ММК аркылуу сындоо, шайлоо жолу, парламентте көпчүлүктү түзүү же ага ишеним көрсөтпөө менен өкмөттү алмаштыруу; 2) т ы н ч т ы к; митинг, жүрүш, иш таштоо ж. б. акцияларды колдонуу, импичмент жарыялоо аркылуу максатка жетип күч колдонуу: куралдуу көтөрүлүш, партизандык согуш, террордук актылар, аскер төңкөрүшү (путч) ж. б. аракеттери менен авторитардык же тоталитардык бийлик өкүм сүргөн өлкөлөрдө демокр. принциптер үчүн күрөшөт. Кыргызстан эгемендик алгандан бери анын демокр. багытта өнүгүүсүнө таасир тийгизген партиялар менен кыймылдарга:
«Кыргызстан демокр. кыймылы» (КДК), «Ар намыс», «Ата Мекен», «Ата Журт», Кыргызстан Социал-демократтар партиясы (КСДП), «Республика», «7- апрель жаштар кыймылы», «Бириккен элдик кыймыл» ж. б. кирет.