ОПЕРАТОР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОПЕРАТОР - 1)математикада эки көптүктүн элементтеринин ортосундагы туура келүүчүлүктү туюнтуучу математикалык түшүнүк. Чагылдыруу, өзгөртуу, функция түшүнүктөрү менен О. эквиваленттүү мааниге ээ. X көптүгүнүн ар кандай х элементине Ү көптүгүнүн кандайдыр у элементинин туура келүүчүлүгү О-дук түрдө у=А(х) деп жазылат. А - О., у элементи х элементинин түспөлү (образы), х элементи у элементинин түспөлдөшү деп аталат. X көптүгү А О-унун аныкталуу облусу, Ү көптүгү А О-унун маанилеринин облусу деп аталат. Физикалык жана математикалык анализдин көптөгөн маселелеринде дифференциялык О-лор менен интегралдык О-лор маанилүү роль аткарат (к. Операторлор теориясы); 2)информатикада - компьютерде маалыматты (информацияны) иштеп чыгуу процессинде кээ бир аяктаган аракеттердин маселелери үчүн багытталган белгилүү программалоо тилиндеги буйрук; 3) техникадататаал жабдуунун (түзүлүштүн; мисалы, ЭЭМ, радиолокациялык станция, бургулагыч орнотмонун (установка) иштешин пульттан башкаруучу адис; 4)кинодо - кино тартуучу адис (кинооператор).