ОПАЛ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОПАЛ (латынча ора1из, грекче ораШоз, санскритче упала - асыл таш) - суулуу кычкылдар классчасынын минералы. Химиялык формуласы 8Ю2-пН2О. Аморфтуу, катуулугу 5-6,5, тыгыздыгы 1,9- 2,3 г/см³. Өңү-түсү көк желе сымал кубулуп турган асыл 0. (оттуу 0.) - кымбат баалуу таш. Тунугу да болот (гиалит).

Чөкмө, гидротерм жолдору менен пайда болот. Кочкул көк же көгүш 0. баалуу. Асыл О-дарга иризацияга негизделген ачык өңдөрдүн нурданышы мүнөздүү (жашыл, көгүш, кызыл рефлекстер ж. б.). Бул кубулуш
алардын ички түзүлүшүнө байланыштуу. О-дар тыгыз жайгашкан майда кремнезёмдордон (глобулдар) түзүлөт. Майда данчаларынын чынжырчасы туура дифракциялык торчону түзөт, ал жарыкты спектрлерге бөлөт. Жарык О-ды түзгөн данчалар аркылуу өтүп, интерференцияланат. Ал О-га түстөрдүн оюнун тартуулайт. Асыл эмес О-дарда глобулдардын түзүлүшү туруктуу болбогондуктан, иризация болбойт. Ошондуктан алар тунук болот. О. морт кремнезёмдун суу эритмелеринде жай чөгүшүнөн пайда болот. Табиятта бул шарт таза кремнезёмду сактаган үбөлөнгөн жанартоолук тектерде көптөгөн убакыт көндөйлөрдүн болушунун жана бир нече миң жылда бууланышынан түзүлөт. Көбүнчө О. жылуу булак жана гейзерлердин жанында (жанартоо аймактарда) топтолгон чөкмөлөрдө жолугат. Дүйнөдө спектрдик касиетке ээ асыл О-дын бир нече кени гана белгилүү. Баалуу эмес О-дар тунуктугуна байланыштуу көпчүлүк учурда байкалбай калат. О. кымбат баалуу асыл таш катары биздин заманга чейинки 400-жылдан белгилүү. 19- к-га чейин негизги кени Австрия-Венгрияда табылган. Учурда Австралия, Мексика, Казакстан, Бразилияда казылып алынат. О-дын өзгөрүүсүнөн диотомит, трепел, опока пайда болуп, цемент сырьёсу катары пайдаланылат.