ООРУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ООРУ, с ы р к о о — организмдин сырткы (экзогендик) же ички (эндогендик) зыяндуу факторлордун таасиринен жана тукум куума генетикалык кемтиктердин натыйжасында пайда болуучу абалы. Организмге зыян келтирүүчү фактордун күчү коргонуу реакциясынан ашып кеткенде болот. 0-нун пайда болушуна түрдүү факторлордун - физикалык, химиялык, биол. же психикалык таасир түрткү болот. Мисалы, көбүнчө механикалык (урунуу, чоюлуу ж. б.), температуралык (суук тийүү же үшүк алуу, күйүү), радиактивдүү, электр-магниттик ж. б. таасирлер, ошондой эле химиялык факторлордун таасири да көп ооруларды чакырат. Көп О-нун пайда болушуна жугуштуу оору чакыруучу биол. фактор (вирустар, микроорганизмдер, гельминттер ж. б.), физиол. активдүү заттардын (гормондор, ферменттер) жана иммун жетишсиздиги ж. б. себеп болот. О. бүтүндөй организмдин тиричилик аракетинин бузулушу болуп эсептелет. Ал катуу кармаган жана өнөкөт болуп айырмаланат. Катуу кармоочу 0. жашыруун (инкубациялык), 0. белгилери байкалуучу, күчөп турган жана айыгуу мезгилдерине бөлүнөт. Жашыруун мезгилде организмдин коргонуу механизми төмөндөйт, бирок О-нун белгилери байкалбайт. 0-нун алгачкы белгилери байкалгандан баштап, оорулуу өзүн начар сезип, бат чарчайт, булчуң, муундар ооруп, тамакка табити тартпайт, баш ооруйт ж. б. Күчөп турган мезгилинде ошол ооруга таандык бардык белгилер даана байкалат. 0. айрым орган же системалардын туруктуу өзгөрүүсүнөн өнөкөт түрүнө өтүп кетиши ыктымал. Көпчүлүк учурда 0-нун толук сакайышы үчүн өз убагында дарылануу жана врачтын көрсөтмөсүн так аткаруу чоң мааниге ээ.