ООР АТЛЕТИКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ООР АТЛЕТИКА - спорттун оор нерселерди (штанга, гиря, гантель ж. б.) көтөрүүгө негизделген түрү. Ал дүйнөнүн бардык өлкөлөрүндө кеңири тараган жана олимпиялык оюндардын катарына киргизилген. 19-к-дын аягынан О. а. спорттун өзүнчө түрү катары калыптана баштаган. Ал адегенде «гиря спорту», «штанга», «оор атлетика» деп аталган. Виринчи Европа чемпиондугу 1896-жылы (Роттердам), ал эми 1-дүйнөлүк чемпиондук 1898-жылы өткөн (Вена). 1912-жылы Стокгольмдо О. а. боюнча 1-эл аралык конгресс болуп, эл аралык мелдештин эрежелери иштелип чыккан. Кыргызстанда О. а. спорт катары 1931-жылдан өнүгүүдө. О. а. боюнча мелдештер эл аралык

эреже бекиткен классикалык көнүгүүлөрдүн программасы боюнча өткөрүлөт: жулкуп көтөрүү (рывок) - штанганы эки колу менен жулкуп көтөрүү, түртүп көтөрүү (толчок) - штанганы эки колу менен төшүнө кармап, төштөн түзөтө колду түртүү. Жеңиш түрдүү салмактагы штангачылардын эки кыймылы боюнча көтөргөн массасынын суммасына жараша аныкталат. 1934-жылдан мелдештерге катыша баштаган Кыргызстандын 1-рекордчусу Н. Михайлюк болгон. Кийинки жылдары Б. Шаршенов, Т. Супиев ж. б. спортчулар ар кандай рекорддорго ээ болушкан. О. а. боюнча Б. Шарипов, Ж. Каракчеев, К. Осмоналиев [СССРдин 2, Европанын 2, дүйнөнүн 4 жолку (1978-81) жана олимпиялык оюндардын (1980, Москва) чемпиону], Ю. Соколов ж. б. алгачкы спорт чеберлери болуп эсептелинет. Кыргыз спортунун чеберлери А. Бадов (СССРдин чемпиону, 1989), С. Дүйшеев, Э. Абдиев, М. Шариповдор эл аралык мелдештерде алдынкы орундарды ээлеген.