ОНХОЦЕРКОЗ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОНХОЦЕРКОЗ - малдын ОпсЬосегса уруусундагы жумуру курт пайда кылуучу инвазиялуу ылаңы. Малдын тарамышын, сөөк байламталарын жана тутумдаштыруучу ткандарын жабыркатат. Ылаңга уй, жылкы, буйвол, эчки, төө ж. б. чалдыгат. Ылаң пайда кылуучу курттар майда кара чиркейлер аркылуу (малды чагып, канын соргон кезде) таралат. О-го чалдыккан мал терисинин сапаты начарлап, тери ө. ж-на зыян келет. 0. ылаңын дарылоо жолу иштелип чыга элек. Алдын алуу үчүн малды мүмкүн болушунча чиркей жок же аз жайытта багуу керек.