ОНТОЛОГИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОНТОЛОГИЯ (грекче 6п, 6п1ов - анык жана ...логия) - философиянын болмуштун жалпы негизин, принциптерин, анын түзүлүшү менен закон ченем­дүүлүктөрүн карай турган бөлүмү. «Адам», «дүйнө», «болмуш», «материя», «аң-сезим», «мейкиндик», «убакыт», «кыймыл» сыяктуу фундаменталдуу категориялардын, түшүнүк­төрдүн ортосундагы олуттуу мамилелерди, бай­ланыштарды, өз ара аракеттенүүлөрүн ар тарап­тан талдоого алган учурда гана бул окуунун чыныгы маңызы терең ачылат. Болмуш пробле­масы философиянын түбөлүк бүтпөс маселеси, анткени булар адамзат жашоосунун олуттуу жактарына тийиштүү, демек, адамдын дүйнөгө көз карашынын маңызын бүт камтыйт деген­дик. Азыркы кездеги материалисттик филосо­фия болмушту баарынын маңызы дейт, антке­ни ал материалдык нерсени да, рухий феномен­ди да кучагына алган фундаменталдуу окуу деп түшүнөт. Болмуш бул аморфдуу көрүнүш эмес, ал өзүнүн ички иреттүү курумуна ээ. Болмуш­тун салыштырмалуу формалары: 1) жаратылыш болмушу; 2) адам болмушу; 3) рух болмушу.