О’НИЛ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
О’НИЛ Южин (16.10.1888, Нью-Йорк - 27.11. 1953, Бостон) - америкалык драматург. Адам турмушундагы трагедиялуу кагылышууларды жана татаал кырдаалдарды ачып көрсөтүу түзгөн пьесаларында

экспрессиялуулук реализм менен, символика гротеск менен айкалышат. Негизги проблемалары: күнүмдүк турмуш менен таттуу кыялдын трагедиялык сыйышпастыгы («Горизонт артында», 1920), дүнүйө жыйноо жана мансапка жетүүнүн аркасынан жүрүп инсандын бузулуусу («Акындын жан дүйнөсү», 1936), раса ортосундагы кагылыштар («Жараткан кудайдын балдарынын баарынын канаты бар», 1924), адамдын өзү жана дүйнө менен чечилбес келишпестиги, инсандын жарандык милдетинин адамдык маңыздан обочолонушу («Байыраак сарайлар», 1939). «Аза күтүү - Электранын тагдыры» (1931) аттуу монументтик пландагы трагедиясы бар. Нобель сыйл. лауреаты (1936).