ОНДУК БӨЛЧӨК: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОНДУК БӨЛЧӨК - бөлүмү 10 санынын бүтүн даражасы болгон бөлчөк, башкача айтканда бөлүмү 10, 100, 1000, болот. 0. б. бөлүмүндө канча нөл бол­со, алымындагы сандын оң жагынан ошончо цифраны үтүр менен бөлүп, бөлүмү жок жазылат (мисалы, 51764/100=517,64; 7/100=0,07). Үтүрдүн сол жагындагы бөлүгү - бөлчөктүн бүтүн бөлүгүн, үтүрдөн кийинки биринчи цифра ондук үлүш­төрдүн санын, экинчи цифра жүздүк үлүштөрдүн санын ж. б. билдирет. Бөлүмү 2 жана 5тен башка жөнөкөй көбөйтүүчүлөргө ээ болбогон рационал сандардын ондук жазылышы чектүү сандагы цифраларды камтыйт (мисалы, 3/20=0,15); рацио­нал сандын О. б. түрүндө жазылышындагы циф­ралар кандайдыр бир орундан баштап, мезгили менен кайталанат (мындай сан чексиз мезгилдүү ондук бөлчөк түрүнө келет, мисалы, 5/6=0,833...). Иррационал сандар чексиз мезгилсиз ондук бөлчөк түрүнө келет, мисалы, ^2 =1,41421... Бар­дык учурда ЬгЬг төмөнкү түрдө

жазы­лат: аД0Ч-а4_110‘-1+ +ао+г>1/1О+52/1О+...,

мында акак1...а0, Ь^... сандын тиешелүү разря­дындагы 0, 1, 2, ..., 9 (ак* 0) цифралары. Мисалы, 6728,493=6-103+7-102+2-10+8+4/10+9/102+3/10э, мында а3=6, а2=7, аг=2, а0=8, 5^=4, &2=9, Ь3=3. О. б. 14-15-к-да эле колдонулган. Самаркан ма­тематиги аль-Каши 0. б. системасын жазып чык­кан (1427).