ОН БИР ЖЫЛГА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОН БИР-ЖЫЛГА — Чүй обл-нда Чүй районундагы кыштак. Он Бир-Жылга айыл аймагына караштуу. Деңиз деңгээлинен 1665 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Чүй кыштагынан 21 км чыгыш тарапта. Токмок т. ж. бекетинен 20 км. Кыштак 1920-жылы негизделген. Калкы 1506 (2007); негизинен мал багат. Орто мектеп, китепкана, клуб бар. КР УИАнын корр. мүчөсү 3. Бакасова туулган. Айылдык ден соолук комитети иштейт.