ОНАНИЗМ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска

ОНАНИЗМ, мастурбация — оргазмга жетүү максатында жыныс органын жасалма дүүлүктүрүү. Көбүнчө жеткинчектерде жыныс­тык жетилүү мезгилинде байкалат. Айрым учур­да О. психикалык бузулуунун белгиси болот. Кээде балада жыныс органын тар кийим өйкө­гөндө жаман адат катары пайда болот. Жыныс органын кычыштыруучу оорулар (энтеробиоз ж. б.) да О-ге түрткү болушу мүмкүн. Жыныс­тык жетилүү мезгилинде О-ге көбүнчө пайдалуу иш жасабаган, бош убактысы көп, кароосуз балдар чалдыгат. О-ди алдын алууда балдар­дын мите ооруларын өз убагында дарылоо маа­нилүү. Бала уктап ойгонгондон кийин, төшөккө көпкө жаткырбай, тар кийим кийгизбей, күнүгө ич кийимин алмаштыруу зарыл. О. байкалган балага сексуалдык сезимин козгоочу кино кө­рүүгө жана китеп окууга уруксат бербеш керек.