ОМЕЙЯДДАР ДИНАСТИЯСЫ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОМЕЙЯДДАР ДИНАСТИЯСЫ - Муавия I ибн Абу Суфйан негиздеген араб халифтеринин династиясы (661-750). Мекедеги Курейши уруусунун Омейя тукумунан чыккан. Анын биринчи халифи Сирия башкаруучусу Муавия I (661-680) болгон. 0. д. Түндүк Африка, Пиреней ж. а-нын көп бөлүгүн, Орто Азия, Азербайжан жана Грузиянын бир катар аймактарын караткан. Алардын бийлиги укумдан-тукумга калган. Халифаттын борборун Куфтан Дамаскиге көчүрүшкөн. Сирия халифаттын борбордук провинциясына айланган. Халифтин таянычы араб феодалдары, негизги өндүргүч күчү дыйкандар болгон. Кулдар тейлөө кызматтарында жана аскерлерде колдонулган. Кол өнөрчүлүк менен соодагерчилик салык төлөөчү жергиликтүү калктын колунда болгон. Мамлекеттик кызматкерлер да алардан чыккан. Суфьяниддерден (Абу Суфьяндын урпактары) чыккан акыркы омейяд халифи Язид I (680-683-ж. башкарган) каза болгондон кийин халифат таркап кеткен. 7-к-дын аягында 0. д-нын бир бутагына кирген Мерванид династиясынын негиздөөчүсү Мерван I (683-685-ж. башкарган) О. д-н калыбына келтирген. О. д. тушунда араб тили мамлекеттик тил болуп, буга чейин колдонулган сасаниддик жана византиялык тыйындардын ордуна алтын динар менен күмүш дирхемдер чыгарылган. Салыктар оор болгондуктан, каратылган элдердин жана шейиттердин козголону күчөп, Абу Муслим баштаган көтөрүлүштүн (747-750) натыйжасында 0. д. кулатылып, бийликке Аббасиддер келгенетикалык Тирүү калган Омейяддардын өкүлүнүн бири Абд ар-Рахман I Испанияга жетип, 756-ж.
Кордова эмиратын куруп, кордовалык Омейяддар династиясын тузгөн.
Ад.: Бартолъд В. В. Эпоха Омейядов по новейшим исследованиям. Соч., Т. 6. М., 1966; Петрушевский И. П. К истории рабства в халифате ҮП-Х вв.// Народы Азии и Африки. 1971, № 3.