ОМАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОМАР, Умар ибн аль-Хаттаб, Умар ибн Хаттаб ибн Нуф а-й л ь и б н Абдулуззаибн Кусай ибн Килаб ибнМурра ибн Каа'б (581, Меке - 3. 11. 644, Медина, Масжид ан-абавиге сөөгү коюлган) - Араб халифатынын 2-халифи, мамлекеттик ишмер (634-644). Курайши уруусунан. 616-ж. исламды кабыл алып, анын активдүү жактоочусу, Мухаммеддин кеңешчиси (ага кызын берген), ал өлгөндөн кийин Арабияда Абу Бакрдын кеңешчиси болгон. О. чечкиндүү келип, Абу Бакрдын ишмердигин улантып, толуктап турган. Ал Египет, Сирия, Палестина жана Ирандын бир бөлүгүн каратып, халифаттын ээликтерин кеңейткен. О. жоокерчиликтен түшкөн олжону бөлүштүрүүчү администрациялык аппаратты түзгөн, жортуулга катышкан асхабдарга жана жоокерлерге каратылган жерлерден өз үлүштөрүн бөлүп берүүнүн ордуна, аларга жалыйна төлөөлөрдү каттоочу атайын дивандык башкарууну кийиргенетикалык Каратылган аймактарда амир (наместник) менен каржы төбөлүнүн - амилдин ортосундагы башкаруу бийликтерин чектеп, бийликтин борборуна халифтик системаны койгон. Арабияга жаңыча мусулман "'жылнаамасын киргизген. Анын буйругу менен Хижра жыл санагынын (622- жылдын 16-июлуна туура келет) башталышы жарыяланган. О. 644-ж. мусулмандардын касиеттүү өкүмдары деген наамга ээ болгон. Медина мечитинде ирандык кул Абу Лула Фируза тарабынан өлтүрүлгөн.