ОМ Георг Симон: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОМ Георг Симон (16. 3. 1787, Эрланген - 7. 7. 1857, Мюнхен) - немис физиги, Лондон король коомунун

мүчөсү (1842). Эрланген университетинде окуган. Өз алдынча доктордук диссертация даярдап, аны 1811-жылы жактаган. 1833-жылдан Нюрнберг политех. мектебинде директор, Мюнхен унтинин проф. (1849). О. электр, оптика, кристалл-оптика жана акустика боюнча илимий из. жүргүзгөн. 0. көптөгөн изилдөөлөрдүн жана тажрыйбалардын негизинде чынжыр бөлүгүндөгү ток күчүнүн чыңалууга көз карандылык законун, туюк чынжырдагы ток күчүн аныктоочу законду ачкан (1826). Ток күчүн өлчөөчү сезгич куралды жасаган. Мындан тышкары О. өткөргүчтүн каршылыгынын анын узунунан жана туурасынан кесилиш аянтына көз каранды экенин далилдеген. 1881-жылы Омдун ысмы менен өткөргүчтүн электр каршылыгынын бирдиги (о.и) аталган.