ОЛЬХОВСКИЙ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОЛЬХОВСКИЙ Владимир Сергеевич [25. 12. 1925, азыркы Казакстан, Жамбыл обл., Жамбыл району,

Гродеков кыш. - 4. 12. 1969, Кыргызстан, Киров (азыркы Манас) р-ну, Покровка кыш.] - Даңк орденинин толук кавалери. 1942-жылдан Советтик Армияда. Улуу Ата Мекендик согушта 1-Беларус фронтунун 214-аткычтар полкунун аткычтар бөлүгүнүн командири. Клуч кыштагындагы салгылашта душмандын 6 солдатын туткунга алганы үчүн 3-даражадагы (3. 2. 1945), Шнайдемюль шаарынын жанында душмандын көп күчүн жок кылганы үчүн 2-даражадагы (11. 3. 1945), Швахов, Ланхенхаген жана Баринг таяныч пункттарын алууда жалгыз өзү 18 фашистти жана чоң калибрдүү пулемётту (тейлеген адамдары менен) жок кылганы үчүн 1-даражадагы (31. 5. 1945) Даңк ордендерине татыктуу болгон.