ОЛЬДЕНБУРГ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОЛЬДЕНБУРГ Сергей Фёдорович [14(26). 9. 1863, азыркы Чита обл., Нерчин району, Бянкино кыш. - 28. 2. 1934, Ленинград] - орус совет чыгыш таануучусу, орус индол. мектебин негиздөөчүлөрдүн бири. 1885-жылы Петербург университетин бүтүргөн. 1889-жылдан Петербург университетинде окутуучу жана проф. 1917-жылы Убактылуу өкмөттүн агартуу министри. 1930-34-ж. СССР ИАнын Чыгыш таануу институтунун директору. Индиянын байыркы жана о. кылымдагы маданиятын жана динин,
будда искусствосунун жана жазма маданиятынын тарыхы, чыгыш таануунун тарыхы боюнча, Чыгыш өлкөлөрүнүн, ошондой эле Россиянын жана Батыш Европанын фольклору, ис-восу, этнографиясы жаатындагы иштердин автору. 0. Чыгыш Түркстанга жасалган археол. экспедицияны жетектеген (1909-10;

1914-15). Чогулган кол жазмаларды которуп, аларга түшүндүрмөлөр жазган. Борбордук Азияга жана Тибетке жасалган бир катар илимий экспедициялардын демилгечиси. Эл аралык «ВпЫкйЬеса ЬискПиса» сериясынын басылышын жетектеген (1897-жылдан). Ч.Жумагулов.