ОЛУЯ АТА ТРИХАНТЕМИСИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
26 ноябрь 2026, саат 09:29 учурдагы соңку нуска
ОЛУЯ-АТА ТРИХАНТЕМИСИ (ТпсйапШетиз аиНеа1епз18) - өсүмдүктөрдүн татаал гүлдүүлөр тукумундагы өтө сейрек кездешүүчү, эндем түрү. Өтө кооз өсүмдүк. Көп жылдык, чачырандытүктүү, бийиктиги 20-40 сжге жетет, сабагы жоон, көп өзөктүү, тамыры жыгачтанган. Жалбырагы түксүз же билинер-билинбес түктүү, топуракка жакын жалбырагынын узундугу 10 см, туурасы 2 слгге чейин, канаттай же кош канаттай бөлүктүү, жалбырак сабы жок. Себетче топ гүлү жалгыздан, желекчелери тери сымал, күлгүн кызыл. Май-июнда гүлдөйт. Уругу менен көбөйөт. Түштүк Казакстанда жана Кыргызстанда (Эчкили-Тоо, Кыргыз кырка тоосу, Кара-Арча капчыгайы) кезигет. Жылгалуу жана арча токойлуу таштак беттерде, 1400-1800 м бийиктикте өсөт. Акыркы жылдары өтө сейрек кезигип кеткендиктен, КРдин Кызыл китебине киргизилген.