ОЛЁКМА: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

26 ноябрь 2026, саат 09:28 учурдагы соңку нуска

ОЛЁКМА — Чита, Амур обл. жана Якутия ай­мактары аркылуу аккан дарыя, Лена д-нын оң куймасы. Узундугу 1436 км, алабынын аянты 210 миң кмг. Олёкма-Становик тоосунан башталып, Олёкма-Чара тайпак тоосунун чыгыш тарабы менен агат. Нугу босоголуу. Негизги куймалары: Тунгир, Нюкжа (оң), Чара (сол). Орт. чыгымы 1950 м3/сек. Жайында суусу кирет. Октябрдан июнга чейин муз каптайт. Чатынан 406 кмте чейин кеме жүрөт. Тунгир д-нын чатынан баш­тап сал агызылат.